Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

АЗЕРБАЙЖАН БИЙЛИГИ ТӨҢКӨРҮШТҮН АЛДЫН АЛДЫБЫ?


Азербайжандын экономикалык өнүгүү боюнча экс-министри Фархад Алиев мамлекеттик төңкөрүш даярдаган деп айыпталып камакка алынды. Өкмөттүн маалыматына караганда, Фархад Алиев Азербайжан өкмөтүн кулатууну чет өлкөдөн келатып жолдо кармалган оппозиция лидери Расул Гулиев менен чогуу жүзөгө ашырмак болгон. Экс-министр Алиевдин бир тууган иниси да абакка отургузулду.

Азербайжандын улуттук коопсуздук министрлиги, ички иштер министрлиги жана башкы прокуратурасы биргелешип даярдаган билдирүү бейшембиде кечинде мамлекеттик телеканалдан жарыя кылынды. Анда айтылгандай, өлкөнүн экономика боюнча министри Фархад Алиев чет мамлекетте бозгунчулукта жүргөн Гулиев менен тымызын байланыш түзүп, Азербайжандагы бийликти кулатууга кам көргөн. 1996-жылдан бери АКШда башпааналап келген Расул Гулиев ушул аптада Бакуга келатып, жолдо Украинада Интерполдун буйругуна ылайык кармалган. Ал – Азербайжан парламентинин мурдагы төрагасы жана ушу тапта Демократиялык партияны жетектейт. Бейшембиде Гулиев ырасмий Баку жөнөткөн айыптоо документтери туура эмес толтурулган деген түшүндүрмө менен абактан бошотулду.

Бакулук журналист Шахин Аббасов экс-министр Алиевдин үстүнөн ала-булут каптай баштаганы коомчулукка эбак эле дайын болчу дейт:

- Биз эбактан бери эле өкмөт мүчөлөрү арасында араздашуу бар экенин билгенбиз. Алсак, Фархад Алиев өлкөнүн бажы кызматынын башчысы Камалиддин Хейдаров менен ачык акыйлашып, тирешип келаткан. Акыры бул күрөштө Алиев уттуруп, экономика министрлигинин бир катар укуктары кыскартылган жана жакында министр кызматынан бошотулат деген кептер тараган. Бирок эч ким шайлоого эки жума калганда ал минтип камакка алынат деп ойлогон эмес.

Өкмөт тараткан маалыматта экономика боюнча экс-министр оппозиция лидери Расул Гулиевдин тарапкерлерине 100 миң евро берип, Бакуда чоң козголоң уюштурууга көкүткөн деп айтылат. Билдирүүгө ылайык, бул тууралуу өлкөнүн мурдагы финансы министри Фикрат Юсифов айтып берген. Юсифов чет өлкөдө оппозиция лидери Гулиев менен жолугушканын моюнга алган.

Бейшембиде абактан бошотулган Расул Гулиев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Азербайжанда репрессиянын жаңы толкуну башталды. Өкмөт оппозиция төңкөрүш даярдап атат деп, мени ал төңкөрүштүн башчысы атады. Биз мындай сөздөрдү маркум Гейдар Алиев бийликке кайтып келген 1993-жылдан бери угуп келатабыз. Мен Фархад Алиевди тааныбайм, көргөн эмесмин, Юсифовду да учурата элекмин.

Мурдагы финансы министри Фикрат Юсифов чет элдик соода байланыштар боюнча экс-министр Нежат Гулиев менен кошо ушул апта башында камакка алынган.

Эксперттер жана Бакулук саясатчылар өкмөт бул окуяларга кандай негиздүү далилдер келтирген күндө да, алар Азербайжандагы кырдаалды кыйындатканын тана албайт дешет. 6-ноябрдагы парламенттик шайлоо алдында министрлерди камакка алуудан сырткары президент Илхам Алиев саламаттыкты сактоо министри Али Инсановду жана атасынын жакын досу, президенттик администрациянын өкүлү Акиф Мурадвердиевди кызматынан бошотту. Бакулук журналисттер “булар да бийликтегилердин көзүнө шектүү көрүнүп кеткен”, деп баяндоодо.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG