Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Ф. КУЛОВ: «ДЕПУТАТ АКМАТБАЕВДИН ӨЛҮМҮНДӨ САЯСИЙ НЕГИЗ ЖОК»


Чолпон Орозобекова, Бишкек 31-колонияда бейшембиде болгон атышууга байланыштуу Жогорку Кеңеш чукул сессияга чогулуп, анда премьер-министр Феликс Кулов жана укук коргоо органдары маалымат беришти. Өкмөт башчы Феликс Кулов депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүндө эч кандай саясий негиз жок деп билдирсе, айрым депутаттар бул окуяны криминалдык топтордун өз ара тирешүүсү катары баалап жатышат.

Тынычбек Акматбаев парламенттин коргонуу, коопсуздук жана укук тартиби боюнча комитетинин жетекчиси катары жаза өтөө жайларын кыдырып чыгууну пландаган. 20-октябрда түшкө чейин Новопокровка айылындагы №3 абакта болуп, андан кийин Молдовановкадагы түрмөгө жөнөгөн.

Премьер-министр Феликс Куловдун депутаттарга берген маалымат боюнча, абакка баш аягы 12 киши кирген. Алардын арасында Жаза өтөө башкармалыгынын жетекчиси Икматулла Полотов, депутат Тынычбек Акматбаев жана депутаттын жардамчылары, жан сакчылары, парламенттин эксперттери болгон.

Премьер-министр Феликс Кулов абакка киргендер эң башкы эрежени бузуп, куралчан киришкен деп билдирди:

- Бул адамдар түрмөнүн аймагына курал менен киришкен. Буга катуу тыюу салынган. Бул жөнүндө дароо бизге ушундай мыйзам бузуу болгон деп билдиришти.

Премьер-министрдин пикиринде, бул киши өлтүрүүдө эч кандай саясий негиз көрүнбөйт жана алдын ала пландалган деп да айтууга болбойт.

Окуя болгон жерге биринчи болуп кирген Феликс Кулов болду. 31-колониядагы кылмышкерлер өздөрү Феликс Куловдун гана келишин талап кылышкан.

“Мен барганда колониянын ичинде эмне болуп жатат, канча адам барымтада, курамндыктар барбы-жокпу эч ким так айта алган жок”, - дейт өкмөт башчы. Анын айтымында, камакта жаткандар депутат жана анын сакчылары эмне үчүн абакка куралын таштабай кирет деген маселе коюшкан.

Феликс Кулов тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн көп нерсени айтуудан баш тартып, ал азырынча үч гана нерсе айкын деди:

- Куралчан киришкен, бул биринчи, экинчиден, ортодо чыр- чатак чыккан. Үчүнчүдөн, бул кылмышты мойнуна алган кылмышкер бар.

Баса, премьер министр кылмышты мойнуна алып аткан адамдын жүрүм-турумунда шек бар, деп боолголойт.

Айрым маалымат каражаттарында окту биринчи депутаттын жансакчылары чыгарды деп жазылып жүрөт. Өкмөттүн маалымат кызматы 20- октябрда тараткан маалыматка карагнда, колониядагы кылмышкерлерге депутат Тынчбек Акматбаевдин алар менен өтө катуу жана кескин сүйлөшкөнү жакпай калган.

Жазаны өтөө башкармылыгы жөнөткөн маалыматка караганда, абакка баргандарга 31-колониядагы лидерлердин бири, кылмыш дүйнөсүндө “Двадцатка” деген ат менен белгилүү 1976- жылы туулган Рустам Абдуллин ок чыгарган. Атайын прокуратуранын өкүлү Кубанычбек Мамкеев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, окту биринчи түрмөдөгүлөр чыгарган, деп тастыктады. Бирок окуя болгон жерден табылган эки пистолет кимге таандык экени азыр аныктала элек.

Вице-спикер Болот Шерниязов “эгер абактагыларда курал жок болсо, анда Абдуллин эмне таяк менен аттыбы” деп суроо койду. Бирок укук коргоо органдары тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн деп көп суроолорду жоопсуз калтырышты.

Ички иштер министри Мурат Суталиновдун айтымында, эгер зарыл болсо колонияга чабуул жасап, чатакты күч менен басууга жетиштүү аскер топтолгон болчу. Атайын багыттагы отряддарды да көтөрүп, колонияны алар сыртынан курчап турушкан.

Айрым депутаттардын пикиринде, бул жерде эч кандай саясат жок, криминалдык топтордун тиреши болушу ыктымал. Вице-спикер Болот Шерниязов депутат Тынычбек Акматбаевдин бир тууганы Рыспек Акматбаев экенин эскертти:

- Молдовановкадагы 31-колония эмне экенин, анда Азиз Батукаев отураарын биз билбейбизби? А Рыспек Акматбаев деген ким, депутат Тынычбек Акматбаев ким болорун билбейбизби? Эмнесин жашырып атабыз. Депутаттар бекеринен айткан жок да, мындай тирешүүнүн арты эмнеге алып келиши ыктымал. Сизден да, күч структураларынын башчыларынан да суранабыз, ушуга жол бербеңиздер.

Саламаттык сактоо министри Шайлообек Ниязов берген маалыматка карганда, колонияга 5 “тез жардам” жөнөтүлгөн. Депутат Тынычбек Акматбаев, анын жардамчысы Алымкулов жана парламенттин эксперти Талас Оморов дароо жан берген. Учурда депутаттын дагы бир жардамчысы Сыдыков Аламүдүн ооруканасында жатат. Анын көкүрөгүнө жана ийнине ок тийген. Атайын прокуратуранын өкүлү Калиевге да ок тийген, ал ИИМдин госпиталында дарыланууда.

Жаза өтөө башкармалыгын башчысы Икматулла Полтовдун башына ок тийген, ага шашылыш операция жасалып, акыбалы өтө оор бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG