Тынычбек Акматбаевдин өлүмү туурасында массалык маалымат каражаттарында ар кыл пикирлер айтылууда. Маселен, айрымдар оболу Акматбаев тарабынан биринчи ок атылган дешсе, башкалары абактагылардан деп айтышууда. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу болсо, депутаттар тарабынан түрмөнүн ичине курал менен кириүүнүн өзү туура эместигин айтып, курал бар жерде ал сөзсүз атылат дейт:
- №3-колониядагы маселелерди чечүү максатында Молдовановкадагы №31-абакка барып, Азиз Батукаевге жолугайын дегем. Бирок жаза өтөө башкармалыгынынан, өзгөчө жетекчинин орун басары Сапарбеков мага жолтоо кылды. Алар сиз барбай эле койуңуз, абройуңузду түшүрөсүз биз өзүбүз эле чечип койобуз, деп убада беришти. Мен азыр юститция министринин абаката жаткандарды тейлеген орун басары Зубов менен сүйлөшүп, суроолорумду бердим. Себеби, Акматбаевдин жанындагы адамдарда курал болгон. Ал эми курал бар жерде ал сөзсуз атылат. Азыр бул маселеге өкмөт да кийигилишип жатат. Биз өзүбүз кечээ күнү түрмөдөгу маселени чечкендей болгонбуз, ал эми депутаттар өздөрү эрте кийгилишип алды го деп ойлойм. Же болбосо, бизди да бул ишке кошушу керек эле.
“Адилет” партиясынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев депутаттын өлүмүнүн саясий мааниси да болушу мүмкүн деген ойдо:
- Саясий негиз барбы же криминалдык талаштарбы, аны тергөө көргөзөт болуш керек. Бирок менимче, депутаттын колониядан барып ушундай окуянын кесепетинен өмүрүнөн ажырашы абдан трагедиялуу окуя. Депутат деген саясий фигура, ошондуктан саясий мааниси да болушу мүмкүн деп ойлойм.
Бейөкмөт уюумдар ассоциясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө жаза өтөө жайларындагы абалдын оордугу себеп болгонун айтып, кырдаалды жөнгө салуунун төмөнкүдөй жолдорун белгилейт:
- Түрмөлөрдө болуп жаткан толкундоолорду токтотуп, кадимки калыбына алып келиш үчүн биринчиден, донорлордон, өкмөттүн, коомчулуктун мүчөлөрүнөн турган комитеттти тез арада түзүшүбүз керек. Экинчиден, ошол комитет абактарды реформа жүргүзүүнүн программасын иштеп чыгыш керек. Негизинен акыркы убакта түрмөлөрдүн абалы өтө начарлап кеткен. Дал ушул түзүлгөн кырдаал Акматбаевдин өлүмүнө алып келди. Азыр коомчулук абактагылар менен диалогду башташ керек. Алар негизги укуктарынан ажыратылган эмес. Ошондуктан аларды абакта кармоо шартын түзүп беришибиз керек. Бийлик адамдарды камаган соң, алар үчүн жооптуу.