Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:07

ФЕЛИКС КУЛОВ ПАРЛАМЕНТ МЕНЕН ПРЕЗИДЕНТ НЕГИЗ ТАПСА КЫЗМАТТАН КЕТҮҮГӨ КАРШЫ ЭМЕС


22-октябрда Кыргызстандын өкмөт башчысы Феликс Кулов депутат Тынычбек Акматбаевдин өлтүрүлүшүнөн кийинки кырдаалга байланыштуу атайын маалымат жыйынынын өткөрүп, түшүндүрмө берди.

Премьер-министр Феликс Куловдун маалымат жыйынында билдиргенине караганда, депутат Тынычбек Акматбаевдин өлтүрүлүшүнө байланышкан кылмыш ишин иликтөөнү президент Курманбек Бакиев өзү көзөмөлдүккө алып, кырдаалдан чыгуу үчүн Ички иштер министрине, Башкы прокуратурага тиешелүү көрсөтмөлөрдү берди.

Феликс Кулов өзү Тынычбек Акматбаевдин бир тууган агасы Рысбек Акматбаев баштаган адамдардын борбордук «Алатоо» аянтына келип, өкмөт башчынын кызматтан кетүүсүн талап кылган пикет өткөрүүсүнө негизсиз жерден айтылган маалыматтар себеп болду деген пикирде:

- Депутат Акматбаев өлтүрүлгөн түрмөдө болгон окуя тууралуу кимдир бирөө атайылап козутуп, туура эмес маалыматтарды берип жатат. Тилекке каршы, таптакыр ойго келбеген божомолдор айтылууда. Ошондуктан, тууганынан айрылып, кайгыга батып турган адамдар аны сын көз менен карап, салмактай албай, кыйын кырдаал пайда кылды. Аянтка чогулган эл ушундай жол менен чындыкты аныктоого аракет кылып жатат. Биз бүгүн президент менен кырдаалды бир нече жолу талкуулап, түшүндүрмө берүү чечимине келдик. Окуянын жүрүшүн башка жакка бурмалап, тергөөнү жасалмалоо мүмкүн эмес. Ошон үчүн тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керек. Ушундай кадамдардын бардыгы укукка карама-каршы келип, коомду башаламандыкка салат. Бул кимдир бирөөнүн бийлик жок экендигин көрсөткүсү келип жаткандыгынын белгиси.

Феликс Кулов «Алатоо» аянтына чогулган эл арасында «кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү» деп эл оозунда аталган Азиз Батукаев менен мурдатан байланышы бар экен жана өзү 24-мартта түрмөдөн чыккандан кийин түрмөдөгүлөрдүн «тилине» салып, «Бир тууган, эч кейибе, бардыгы жайында болот» деп белги берген болчу» деп айтылган сөздөрдүн бардыгын жалган деп жокко чыгарды. Анын айтымында, Азиз Батукаевди биринчи жолу депутат Акматбаев өлтүрүлгөн күнү, ошол түрмөдөн көргөн, Ал эми кылмышкерлер колдончу сөздү саясий туткун болгон адам катары өзү эч качан колдонбойм деп жарыя кылды:

- «Братан» деген сөздү мен билбейм, мен аны эч качан айтпайм. Түрмөнүн тартибин билген адам аны кайсы адамдар айтаарын жакшы түшүнөт. «Братан» деген сөздү «каралар» деп аталган кылмышкерлер айтат. Мен болсо саясий туткун болгом. Ошондуктан, «братан» деген жаргонду менин колдонушум жарабайт. Бул туура эмес.

Ал эми «Алатоо» аянтына чогулгандардын аракетин укукка карама-каршы келген аракет деп баалап, Акматбаевдин туугандары өкмөткө же өзүнө алдын-ала эч кандай талап койбостон эле дароо аянтка уюшкандык менен чыккандыгынан улам, пикетти өлкөдө башаламандыкты каалаган бирөөлөр уюштуруп жатат деген пикирде экендигин жашырган жок. Андан тышкары коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлери даяр тургандыгын жана аянтка чогулган адамдарга карата мыйзам чегинде чара көрүлөөрүн билдирди:

- Бардыгы мыйзамдын чегинде болот. Бирок жыйналыш мыйзамсыз болуп, кырдаалды бузса мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Кулов мындан тышкары өзүн премьер-министрликтен кетсин деген талаптан коркпостугун жана аны парламент менен президент мыйзам чегинде кароосу зарыл экендигин билдирди:

- Эгер президент жана парламент менин кызматтан кетүүмө негиз берчү жагдайларды тапса, мен ага каршы болбойм. Бирок мен биз мыйзам чегиндеги кадамдарга барышыбыз зарыл экендигин баса белгилегим келет.

Феликс Кулов ошондой эле окуяны жана андан кийин түзүлгөн кырдаалды кылдат иликтөөгө парламент менен президентти чакырды. Пикетчилерге каршы Куловду жактаган пикет, митингдерди өткөрүүнү туугандары, достору жана «Ар намыс» партясынын мүчөлөрү сунуш кылып жаткандыгын кабарлап, пикетке каршы аракет көрүүнүн зарылдыгы жок деп, аларды тынчтанууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG