Абдель-Ал Сирия менен байланышы бар делинген уюмдун мүчөсү. Ал ошондой эле Харинин өлтүрүү максаты менен февраль айында жасалган жардыруунун уюштуруучуларынын бири деп шектелип жаткан адамдын бир тууганы. Жардырууга тийешеси бар, деген шек менен төрт киши август айында камакка алынган.
Абдель-Алдын камакка алынышы менен президент Лахудду кысмакка алуу күч алышы мүмкүн. Хариринин тарапкерлери жана жалпы Ливан оппозициясы Лахуддун кызматтан кетүүсүн февраль айынан бери талап кылып келатат. Бирок президент Лахуддун администрациясы президентке тагылып жаткан айыптарды четке кагууда. Администрациянын айтымында, жардыруу болоордун алдында президенттин кеңсесиндеги чөнтөк телефондордун бирине бирөөлөр телефон чалганы чын, бирок ал телефонду президент эмес, жалпы кеңседе иштеген кызматкерлер пайдаланышчу.
Мурдагы премьердин уулу, Саад Харири Улуттар уюмунун комиссиясы чыгарган жыйынктыкты кубаттоо менен каршы алып, атасынын өлүмүнө байланыштуу окуянын эл аралык сотто каралуусун талап кылды.
Сауд Арибянын телекөрсөтүүсү боюнча сүйлөгөн сөзүндө Саад Харири буларды айтты:
- Эл аралык иликтөө комиссиясынын жыйынтыктары чындыктын бетин ачууга карай жасалган алгачкы кадам болду. Биз адилеттүүлүк өкүм сүрөөрүнө кубанып жатабыз. Ливандагы абалды жалгыз гана адилеттүүлүк турукташыра алат.
Бирок Ливандын маалымат министри Гази Ариди ишемби күнкү кабинет жыйынынан кийин жасаган билдирүүсүндө ишти эл аралык сотко өткөрүп берүү маселесин өкмөттө койуу үчүн али эртелик кылат, оболу Улуттар уюмунун комиссиясы тергөө иштерин аяктоого тийиш, деп айтты.
Анын аралыгында Америка Кошмо Штаттары Улуттар уюмунан ишти аягына тезиреек чыгаруусун талап кылды.
- Баяндама Рафик Харириге жасалган саясий кол салууга Сириянын катышуусу бар экенин айгине кылды, - деп айтты президент Жорж Буш.
Ал эми мамлекеттик катчы Кондолиза Райс Сирия ал үчүн жоопко тартылуусу керек, деп билдирди.
Сүрөттө: 14-февралдагы Бейруттагы жардыруудан бир көрүнүш (AFP)