Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

КОСОВОНУН СТАТУСУ ТАЛКУУДА


Дүйшөмбү күнү Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Косовонун болочоктогу статусу боюнча талкуулар башталды. Провинция 1999-жылдан бери Улуттар Уюмунун башкаруусунда турат. Уюмдун атайын өкүлү Кай Эйденин жакындагы доклады менен таанышып чыккан соң баш катчы Кофи Аннан Косовонун болочоктогу статусуна байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жакынкы келечекте баштоо зарыл деген чечимге келди. Коопсуздук Кеңеши сүйлөшүүлөр башталабы-жокпу, ушул маселени аныктайт.

Дүйшөмбү күнү Приштинада провинциядагы албандардын премьер-министри Байрам Косуми Косовонун тургундары жакынкы аралыкта өздөрүнүн өкмөтүнө ээ болгонго укуктуу экенин билдирди. Ал ошону менен бирге провинциянын статусу бир жаңсыл чечилген күндө да бул жерде эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү турушу зарыл деп белгиледи. Бирок алар процесске көмөктөшүп, көз салып, кеңеш берип гана турушу керек. Андан мурдаарак провинциянын президенти Ибрагим Ругова да өз позициясын айткан эле. Ругованын айтымында, Евросоюзга жана НАТОго кошулуп, АКШ менен туруктуу достук мамиледе турган көз карандысыз, демократиялык Косово - провинциядагы калктын эң башкы саясий мүдөөсү.

Коопсуздук Кеңешиндеги талкууларга Косуми да, Ругова да чакырылган жок, алардын ордуна баш катчы Аннандын провинциядагы атайын өкүлү Зорен Яссен-Петерсен катышат. Яссен-Петерсен Косовонун статусуна байланыштуу сүйлөшүүлөр кыйын болорун эскертти. Байланыш тобуна кирген алты өлкөнүн өкүлдөрү да ачык позициясын айтыша элек. Ал эми европалык дипломаттар болсо Косового “шарттуу көз карандысыздык” статусу ылайык келерин кыйытып жатышат. Бу планга ылайык, провинция көз карандысыздык алат, бирок ага толук суверенитет берилбейт. Бир катар чөйрөлөрдө, айрыкча адам укуктары жана улуттук азчылыкты коргоо жагынан эл аралык коомчулук бир топ жылдарга өз бийлигин сактап калышы керек.

АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Розмари ДиКарло бардык ишти ыкчамдатып илгерилетүү зарылдыгын, провинцияда эл аралык стандарттарга ылайык келген механизмдерди түзүү үчүн реформаларды улантуу керектин белгиледи.

Косовонун эгемендик алышына Сербия караманча каршы. Серб премьер-министри Воислав Коштуница Белград буга эч качан макул болбой турганын ырастады. Буга кошумчалап ал эл аралык коомчулук койгон талап-шарттар аткарылбай жатып эле провинциянын статусуна байланыштуу сүйлөшүүлөрдү баштоону чечкен ООНдун кадамына таң калганын да билдирди.

XS
SM
MD
LG