Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Маркум депутат Тынычбек Акматбаевдин тарапкерлери менен расмий бийлик сүйлөшүү жүргүзөт


БИШКЕК. Кыргызстандагы кылмыштуулук маселеси Коопсуздук кеңешинин ноябрь айында боло турган отурумунда талкууланат жана бул тагдыр чече турган жыйын болот. Анда бардык тартип коргоочу жана күч структуралардын жетекчилеринин маалыматтары угулат. Бул тууралуу 24-октябрда журналисттер үчүн уюштурган маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов билдирди. Анын айтымында, азыркы кырдаал толугу менен президент Курманбек Бакиевдин көзөмөлүндө турат. Ошондой эле катчы массалык тартипсиздикке жол берилет деген кооптонууларды четке кагып, Рысбек Акматбаев жана анын демилгелүү тобу менен алар коюп жаткан талаптар боюнча сүйлөшүүлөр болорун жана ал конструктивдүү, мыйзам чегинде жүрөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG