Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

БАКУДА ШЕКТҮҮ ЖЕТЕКЧИЛЕРДИ ЖАЗАЛОО ӨНӨКТҮГҮ УЛАНУУДА


Азербайжандын бийликтери өкмөттү кулатуу аракетин иликтөө кампаниясынын шарапаты менен дагы эки жетекчини кызматтан бошотту. Мамлекеттик “Азерихимия” ишканасынын башчысы Фикрет Садиков жана Бакудагы райондук полиция башчысынын орун басары Рахимзада эмне себептен иштен бошогону ырасмий түрдө айтылган жок. 6-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жакындап калганда Азербайжанда саясий оюндар кызып бараткансыйт.

Жекшембиде Бакулук башкаруучулардын талабын дагы бир жолу четке кагып, оппозициячыл “Азатлык” коалициясы башкалаада демонстрация өткөрдү. Демонстранттар мурдагыдай эле адилет шайлоо өткөрүүнү жана президент Илхам Алиевдин кызматынан кетишин талап кылып жатышты. Нааразылык акциясынын катышуучулары бу жолу да Бакунун борбордук көчөсүнө өтө алышкан жок, алардын жолун коопсуздук күчтөрү жана полиция тосуп, оппозициячыларды күчкө салып артка кайтарды.

“Азаттык” радиосунун кабарчылары билдиргендей, Бакуда бул күнү 15тей демонстрант камакка алынды. Оппозициячыл коалицияга кирген “Элдик майдан” кыймылынын лидери Али Керимли жекшембидеги акция башка да себептерден улам максатына жетпей калды деп эсептейт.

- Биз дагы бир жолу демонстарцияга чыгууга аракет кылдык. “Аракет” дегеним, Нариманов паркынын жанына көп элди чогулта албай калдык. Бирок полициянын кысымына карабастан өз талаптарыбызды жарыя кылууга үлгүрдүк. Өкүнүчтүүсү, бардык кишилерге кайсыл жерде чогулуп жатканыбыз жөнүндө маалымат убагында жетпей калды.

Мурунку демонстрацияларга бир нече миңдеген киши катышып, жекшембиде 150-200дөй адам чогулганына көңүл буруп, бийликтегилер оппозициячылардын ураандары уккулуктуу болбой калганын айтышууда.

Дээрлик 10 жылдан бери чет өлкөдө башпааланап жүрсө да, парламенттик шайлоого талапкер болуп катталып, мекенине келатып, жолдо Украинада кармалган Азербайжандын демократиялык партиясынын лидери Расул Гулиев Лондонго кайтып барганы кабарланды. Ал шайлоо алдында Бакуга барууну убада кылууда.

Өткөн аптадан бери Бакуда өлкөнүн мурдагы экономика министри, саламаттыкты сактоо, финансы, тышкы соода боюнча экс-министрлери камакка алынды. Аларга чет өлкөдөгү оппозициячылар менен тымызын байланышып, Азербайжандагы бийликти кулатууну пландаштырган деген айып тагылууда. Бирок Бакуда кармалган жана кызматынан бошотулган жетекчилердин баары оппозициячылар менен эч кандай байланышы болбогонун айтып жатышат.

Бакулук байкоочулар өкмөт мүчөлөрүнүн айрымдары бийлик башындагыларга тиш кайрашы мүмкүн, эмнеси болсо да алар президент Илхам Алиевдин көзүнө өтө шектүү көрүнүп кеткени талашсыз деген пикирде.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG