Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

ИРАКТА АКШ 2 МИҢДЕЙ ЖООКЕРИН ЖОГОТТУ


Америкалыктар үчүн Ирактагы согуш кесирлүү чекке жетти: бул жерде окко учуп, кагылыш-кармашта опот болгон жоокерлер эсеби 2 миңге чукулдап калды. Алардын саны дагы өссө АКШда согушка каршы нараазылык да күч алышы мүмкүн. “Азаттыктын” кабарчысы Эндрю Талли Вашингтондон жиберген репортажында президент Жорж Буштун администрациясы Ирактан аскерлерди чыгаруу маселеси азырынча күн тартибине коюла электигин такай эскертип келатканын эске салат. Мамлекеттик катчы Кондализа Райс жакында эле конгресстеги сөзүндө аскерлер Иракта дагы бери дегенде он жылга каларын айткан эле.

Иракта аскери кампания башталганда америкалыктар бу жерде 2 миңдей аскерин жоготот деп эч ким болжогон эмес.Тескерисинче, президент Жорж Буш да, Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд да уруш тез эле бүтөрүнө, чыгаша деле аз болоруна ишендиришкен. Акыркы кара цифраларды комментариялап, Ак үйдүн өкүлү Скот Макклеллан Иракта жайран болгон уул-кыздар администрациянын кабыргасын кайыштырып, каңырыгын түтөтүп жатканын айтты. Бирок буга карабастан АКШ Ирактагы, Ооганстандагы жана башка жерлердеги уруштарды улантат. Согушта жер жаздангандар, Макклелландын айтымында, эркиндикти коргоп, өмүрүн кыйышты. Терроризмдин териси тескери сыйрылса, алардын арбайын эскерүүнүн эң мыкты жолу ушул болмокчу.

Бирок Ирактан күн куру эмес келип жаткан табыттардын саны көбөйгөн сайын өлкөдө согушка каршы маанай да күч ала тургандай. Нью-Йорктогу мамлекеттик университеттин саясий илимдер боюнча профессору Роберт Спитцер ырастагандай, эл арасында: ”Бу согушту эмне үчүн биз баштадык?” – деп сурагандар алысындап баратат. Ирактагы кампания үчүн АКШны жадакалса жакын союздаштары да сындап, жактаган жок. Эми ал жерде америкалыктар баарынан көп чыгым тартып жатат.

Коомдук пикирде согушту колдогондор кескин азайды. Америкалык саясий эксперт Уильям Хартанг эгер бу согуш өлкөнү коргоо мүдөөсү менен байланышканына көзү жеткенде калк курмандыктарга кайыл болмок дейт. Бирок Ирактагы согуштан коомчулук мындай жүйөөнү барган сайын аз көрө баштады. Ирактан массалык кыргын куралдары табылбай калган соң жадакалса Саддам Хусейндин деле АКШга коркунуч келтиргенине ишеңкиребегендер арбыды.

Бирок согушту жактагандар дале болсо бар. Fox news телекомпаниясынын консервативдүү комментатору Шон Ханнит жакындагы талкуулардын биринде акыркы үч жыл ичинде Саддамдын эки уулу жок кылынганын, Хусейн өзү соттолгону турганын, “ал-каидачылардын” 70 проценти туткунга алынып, калганы качып-тозуп жүргөнүн айтып, муну америкалыктардын антитеррордук согуштагы жеңиши деп баалады.

Ирактагы согуш жергиликтүү элге да чоң апаат алып келди. Жайкын калк арасынан жаны кыйылгандар саны гана 26 миңден ашты. Алардын эсеби күн сайын өсүп жатат.

XS
SM
MD
LG