Жыйында адегенде премьер-министр Феликс Кулов депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу бир катар депутаттардын суроолоруна жооп берди. Өкмөт башчы окуя болгон күнү ал Чүй облусунда жайгашкан Молдовановка айылындагы №31-жаза өтөө жайына барууга аргасыз болгондугу тууралуу айтты:
- Мени ал жакка барбаңыз деген пикирлер айтылды. Бирок ошондо түзулгөн кырдаалда мен ал жакка барышым керек эле. Кийин да ойлондум, эгерде барбай койсом эмне болоор эле деп. Анда мени коркоктукта күнөөлөшмөк. Азыр эми жабык жыйында мен айта алам: ошол учурда түрмөгө кирүү үчүн атайын даярдыктардагы аскерлер жетишсиз эле. Мен кирдим, дароо барымтага алынган адамдардын абалы жөнүндө сурадым. Бирөө жарадар, үчөө набыт болгондугун айтышты. Аларды чыгардык. Андан кийин мен түрмөдөгү адамдардын өтүнүчу боюнча алар менен жолугушуп, көйгөйлөрүн уктум. Мен ошондой эле Азиза Батукаев менен жазаны аткаруу бакшармалыгынын начальнигинин орун басары Сапарбаевдин коштоосунда кыска убакытка жолуктум.
Феликс Кулов ошону менен бирге жыйындар залында отургандарга кайрылып, эгерде аны отставкага кетирүү боюнча жүйөлүү негиздемелер болсо, ал кызматынан чегингенге даяр экендиги, ал эми негиз жок болсо, отставкага кетпей тургандыгы жөнүндө айтты.
Андан соң айрым депутаттар өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу көз караштарын ортого салышты. Депутат Муратбек Мукашев азыркыдай курч кырдаалдын түзүлүшүнө парламенттин да күнөөсү бар деген пикирин айтты:
Ал эми депутат Садыр Жапаров азыркы кырдаалга байланыштуу мындай деди:
- Азыр Бишкекте, ошондой эле башка жерлерде да оор кырдаал орун алып жатат. Эгерде тез арада бул кырдаал жөнгө салынбаса, кырдаал курчуп кетиши мүмкүн. Кырдаалды жөнгө салуу боюнча тез арада чаралар көрүлүшү керек. Эгерде эки тарап кагылышып кетсе, 24-марттагы окуя оюнчук болуп калышы мүмкүн.
Депутат Марат Султанов болсо, Тынычбек Акматбаевдин жана аны менен кошо эки адамдын өлүмү боюнча тергөө иштери аяктаганга чейин, ошондой эле бул окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иши жыйынтыкталганга чейин пикет, митингдер токтотулсун деген кайрылуу элге бийлик тарабынан жолдонушу керек деген пикирин айтты. Депутат ошондой эле депутат Тынычбек Акматбаев өзүнүн кызматын аткаруу учурунда набыт болгондугу жөнүңдө президенттин жардыгы менен белгилеп койуунун зарылдыгы тууралуу да айтты. Мындай сунуштар Курманбек Бакиев тарабынан колдоого алынды. Өлкө башчысы пикет, митингдерге каршы экендиги тууралуу билдирди.
Ал эми парламент төрагасы Өмүрбек Текебаев президент менен премьер-министрден өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу боюнча программа барбы деген суроону жолдоду:
- Азыр биз экөөңүздөрдөн өлкөдө түзүлгөн кырдаалдан чыгуу боюнча программаны сурап жатабыз. Ошол программага жараша биз да иштейли. Эгерде андай программаңар жок болсо, аны да айткыла. Биз биргелешип түзөлү. Бизде көптөгөн сунуштар бар. Ал эми экөөңүздөр эгерде Өмүрбек, сен өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирүүнүн себепкери болуп жатасын деп айтсаңыздар, мен төрагалыктан кетемин.
Жыйындын аягында президент Курманбек Бакиев сөз сүйлөп, өлкөдө түзүлгөн кырдаал өтө курч болуп тургандыгын белгилөө менен, тартип коргоо органдарынан кыска мөнөттүн ичинде №31-жаза өтөө жайында орун алган трагедиялуу окуя боюнча тергөө ишин жүргүзүүнү жана жалпысынан эле өлкөдө тартип менен мыйзамдуулукту камсыз кылууну талап кылды.
Президент ошондой эле жаза өтөө жайындагы окуя боюнча тергөө иши аяктамайынча, бул окуянын себептерин иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иши жыйынтыкталмайынча, кандайдыр бир чечим кабыл алуу эртелик кылат деп билдирди:
- Эми прокуратура бул окуя боюнча тергөө ишин жүргүзсүн. Депутаттык комиссия түзүлдү. Ал да өз ишин аяктасын. Анан көрөбүз. Кимдин канчалык күнөөсү бар экендигин. Ал эми азыр кимдир бирөөлөрду күнөөлөө туура эмес. Тергөө иштери бүтпөй туруп, кантип комментарий берсе болот? Ошондуктан, мени да туура түшүнгүлө - мен азыр нааразылык чарада тургандарга барып алып, кеткиле деп айта албайм. Өлтүрүлгөн үч адамдын туугандары да күйүтүнөн чыгышты да. Мен аларга эмне дейм? Ошондуктан, тергөө ишинин, парламенттик комиссиянын жыйынтыгын күтөлү.
Курманбек Бакиев мындан сырткары нааразылык чарада тургандардын өкүлдөрүн 27-октябрда кабыл алаары тууралуу да маадымдады.