Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:37

ЭКИ ЖААТ ТЕҢ НААРАЗЫЛЫК ЧАРАЛАРЫН ТОКТОТУШТУ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Маркум депутат Тынычбек Акматбаевдин жакын туугандары жана алардын жактоочулары соңку бир нече күндөн бери Жогорку Кеңештин имаратынын алдында өткөрүп жаткан нааразылык иш чарасын 27-октябрда токтотушту. Мындай чечимди алар бул күнү мамлекет башчы Курманбек Бакиев менен жолугушукан соң кабыл алышты.

Мамлекет башчы Курманбек Бакиев менен жолугушуу жабык эшик артында өткөрүлүп, ага бир дагы журналист катыштырылган жок. Жолугушууга «Эркиндик» партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев, Баш прокурордун милдетин аткаруучу Камбараалы Конгантиев жана нааразылык акциясынын өкүлдөрү катышышкан. Президент менен жолугушуудан соң алар Бишкекте маалымат жыйын өткөрүштү.

Алгач сөз алган Топчубек Тургуналиев мындай нааразылык акциясына маркум Тынычбек Акматбаевдин тууганы катары катышып жаткандыгын эскертип, мамлекет башчы менен жолугушуу абдан натыйжалуу болду, деген оюн билдирди:

- Жолугушуу мени толук канааттандырды. Ал киши бизге биз угалы деп турган сөздү айтты. Президент бизге тергөө тез аранын ичинде бүтөт, адилет териштирилип, мыйзамдуу түрдө бүтөт, деп убада берди. Ошондой эле президент “эгерде тергөөнүн жүрүшүндө кимде-ким күнөөлүү болсо, анын ичинде премьер-минстр да кызматтан алынат” деди. Биз ошону эле талап кылып жатканбыз.

Ошондой эле маалымат жыйынын катышуучулары мамлекет башчысы менен жолугушуудан соң Жогорку Кеңештин алдында өткөрүлүп жаткан нааразылык акциясын токтотуу тууралуу чечим кабыл алынгандыгын айтып, анын себебин мындайча түшүндүрдү:

-Митингди бүгүн токтоттук. Биз мындай чечимге жогоруда айтылгандай мамлекет башчысы менен жолугушкандан кийин келдик. Митингди таратууга мамлекет башчынын берген убадасы, Жогорку Кенештин өз округдарына тарап кетиши жана биздин нааразылык акциябызга каршы нааразылык акциясы улантылып жаткандыгы менен байланыштуу болду, - деген митингдин катышуучусу Эркинбек Ашырбаев эгерде тергөөнүн жыйынтыгында алар күткөндөй чечим кабыл алынбай каласа кандай аркеттерди жасайсыз? деген суроого мындайча жооп берди:

- Аны эми тергөөнүн жыйынтыгынан кийин көрөлү. Мен азыр эч нерсе деп айта албайм.

Ошондой эле алар президент менен жолугушууга Рысбек Акматбаев катышпагандыгын жана митингди таратуу чечими Рысбектин катышуусунда кабыл алынгандыгын кошумчалашты. Чынында эле алар Жогорку Кеңеш имаратынын алдына буга чейин тигишкен боз үй, чатырларын жыйнашып, түштөн кийин тарап кетишти.

Ушул эле күнү "Алатоо" аянтында өкмөт башчы Феликс Куловду колдоо иретинде өтүп жаткан митингдин катышуучулары да тарашты. «Ар-намыс» партиясынын учурдагы төрагасы Эмил Алиев «Азаттыктын» кабарчысына мындай акциялар Жогорку Кеңештин алдындагы нааразылык иш чарасына байланыштуу өткөрүлүп жаткандыгын жана мындан кийин өткөрүлбөй тургандыгын билдирди.

Сүрөттө: Маркум Т. Акматбаевдин тарапкерлери нааразылык чарадан тарап жаткан учуру

XS
SM
MD
LG