Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:57

ИРАН ПРЕЗИДЕНТИ ИЗРАИЛДИ ЖОК КЫЛУУГА ЧАКЫРУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад кечээ күнү жасаган билдирүү жөөт жана башка дүйнөлүк жетекчилер тарабынан сынга алынууда. Кечээ күнү Тегеранда өткөн конференцияда чыгып сүйлөп, Ахмадинежад Израил мамлекет катары жок кылынууга тийиш деп билдирген.

Израилдин вице-премьер-министри Шимон Перестин пикиринде, Иранды Бириккен Улуттар Уюмунан чыгарып салыш керек. АКШ Мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Шон Маккормактын айтымында болсо, Ахмадинежаддын билдирүүсүнөн Ирандын чыныгы жүзү көрүндү:

- Менин оюмча, бул билдирүүдөн силер - Иран режиминин чыныгы максаттары менен ниеттери кандай экенин көрсөңөр болот жана аны менен биздин жана бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун өзөктүк маселе боюнча мурдагы тынчсызданууларыбыз дагы ого бетер күчөп жатат.

Улуу Британия менен Франция дагы Иран президентинин сөздөрүн катуу сынга алды.

Иранда ар жыл сайын орозо аяктап баратканда жума күнү анти-израилдик демонстрациялар өткөрүлөт. Жана 26-октябрда Тегеран шаарында болуп өткөн "Дүйнө сионизмге каршы" деген конференция дагы ошол окуяга ылайыктап уюштурулган, ага үч миңге жакын адам катышты, негизинен студенттер. Конференцияга чакырылган президент Махмуд Ахмадинежад сөз сүйлөп, өлкөнүн мурдагы руханий жетекчиси аятолла Хомейнинин айтканын мисал катары келтирди. Хомейни болсо өз кезегинде - Израил дүйнө карталарынан мамлекет катары жок кылынууга тийиш деп билдирген.

Израилдин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Марк Регевдин айтымында, жөөт мамлекетине каршы мынчалык катуу сөздөрдү азыр эки адам гана айтууда:

- Бүгүнкү күндө мусулман дүйнөсүнүн ичинен мынчалык экстремисттик пикирлерди эки гана адам билдирүүдө. Израилди жок кылуу керек деп Иран президенти жана 'Хамас' уюмунун жетекчиси ал-Захар гана айтууда. Мындай экстремисттик сөздөрдү уккандан кийин айрым адамдар күч аракеттерине өтүп жатканына таң калбай эле коюш керек.

Даниядагы Аргус университетинин профессору Мехди Мозафаринин айтымында, Ахмадинежаддын катуу сөздөрү Ирандын өзөктүк курал өндүрүү аракетери менен байланыштуу:

- Эски душманды кайрадан атап, аны жаңы душман кылуу менен президент - өлкөдө өзөктүк курал чыгаруу аракеттерин актоого аракеттенип жатат. Иранга мурда ачык кол салган Ирактагы Саддам Хусейндин режими жок кылынды, ошондуктан Иранга түз коркунуч түзгөн душман калган жок. Ошондуктан иран жетекчилери жаңы душманга муктаж жана ал душман чыныгы коркунуч түзүп жаткан сыяктуу аракеттенүүгө тийиш.

Анын айтымында, Ирандын азыркы жетекчилиги өз аракеттерин акташ үчүн кризис түзүүгө аргасыз:

- Ливандагы кандуу окуяларга акыркы мезгилде Сирия катышкандыгы аныкталды, Ливан өзү болсо Сирия менен Ирандан алыстай баштады, Пакистан дагы Израил менен дипломатиялык мамиле түзүүгө каршы эмес экенин билдирди. Мындай абалда Ирандын жетекчилиги жаңы кризис түзүүгө аргасыз, анткени башка абалда иштей албайт.

Анткен менен Ахмадинежаддын алдында сегиз жыл президент болгон Мохамад Хатами бир топ мээлүн саясат жүргүзгөн жана цивилизациялар ортосунда диалог орнотуу керек деген демилге менен дагы чыккан.

XS
SM
MD
LG