Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:33

РЫСБЕК АКМАТБАЕВДИН ҮСТҮНӨН СОТ ЖАРАЯНЫ БАШТАЛДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Жума күнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Рысбек Акматбаев баштаган тогуз адамдын үстүнөн сот башталды. Аларга үч адамды өлтүргөн жана бир адамдын өмүрүнө кол салган деген айыптар тагылууда. Бирок сот жабырлануучу тараптан маркум полковник Чыныбаев Алиевдин үй-бүлөсү жана адвокаты келе албай калгандыгына байланыштуу кийинкиге жылдырылды.

Сотко Рысбек Акматбаев жана аны менен кошо айтыпталып жаткан 8 адам толук катышышты. Залда көбүнчө Рысбек Акматбаевдин жакындары, туугандары жана анын жанында жүргөн жигиттери отурушту.

Сот залына кире турган сырткы эшикти милиция кызматкерлери тосуп, андан кийин өтмө катар болуп, Рысбек Акматбаевдин балдары жолду тороп турушту. Алгач залга журналисттерди киргизишкен жок. Ошондой эле жабырлануучу тараптан маркум Чыныбек Алиевдин агасы менен жеңеси да кире албай турушту. Он беш-жыйырма мүнөттөн кийин акыры журналисттер жана башка сотко тиешеси бар адамдар да залга киргизилди.

Сотту судья Аман Сариев алып барды. Алгач айыпталып жаткан адамдар менен таанышуу болду. Рысбек Акматбаев 1960-жылы Чолпоната шаарында төрөлүптүр. Беш баласы бар. Ал буга чейин бир жолу соттолгон.

Бул сот жараянында айыпталып жаткан тогуз адамдын ичинде Эркинбек Мамбеталиев да бар. Ал убагында Аскар Акаевдин жансакчысы, андан кийин оппозицияда жүргөн чагында Алмаз Атамбаевге жан сакчы болгон.

Судья Аман Сариев айыпталуучулар менен бирден таанышып чыккандан кийин тараптардан ходатайство барбы деп сурады. Маркум Чыныбек Алиевдин агасы Аскар Алиев соттон маркумдун үй-бүлөсү жана адвокаты сотко келе албай калгандыктан сот жараянын кийинкиге жылдырууну суранды. Прокурор дагы, адвокаттар дагы буга каршылык көрсөтүшкөн жок. Судья Аман Сариев жабырлануучу тараптын өтүнүчүн канааттандырып, сот жараянын убактылуу токтотту.

Полковник Чыныбек Алиев 2004-жылы 5-майда Бишкекте машина айдап кетип бараткан жеринен атып өлтүрүлгөн. Ага 2005-жылы, 17-ноябрда генерал наамы берилди. Чыныбек Алиев ошол кезде ИИМдин Кызматтык кылмыштарга каршы башкармалыгын жетектөөчү.

Анын агасы Аскар Алиев бул сот акыйкат болушу керек деген оюн билдирди:

- Бул процесс акыйкат өтүш керек, жетчү жерине жетти деп ойлойбуз. Кылмышкерлер акыры өз жазасын алышын күтөбүз.

Анын айтымында, биринчи сот жараянында сотко айтыпталуучулар тараптан басым болуп атканы байкалды:

- Мына бүгүн сот башталды. Алгачкы сотко кирип аткандагы кырдаал жаккан жок. Айыпталып аткан адамдын тарабындагы адамдар залга толуп алып, жабырлануучу тарапты - бизди киргизбей атышты. Эмки сот жараянында укук коргоо органдары буга бир чара көрүшү керек деп ойлойм. Сотко ачыктан ачык басым болуп жатат.

Бул сот жараянындагы башкы айыпталуучунун бири Рысбек Акматбаев журналисттерге 24-октябрда берген маегинде коюлуп жаткан айыптар жалган деп билдирген. Анын айтымында, бул кылмыштарга эч кандай тиешеси жок жана аларды мойнуна албайт.

Рысбек Акматбаевдин классташы катары өзүн тааныштырган Осмонов Тураттын пикиринде, Рыспек чет элдик мафияны да ордуна коюп турган адам:

- Кыргызстан азыр Сицилияга айланды. Мафияга каршы күрөшүп, аны жок кылып турган күчтөр жок. Өкмөт да каршы күрөшө албайт. Ал эми Рыспек болсо, бизди алардан коргоп атат. Чет элдик мафиялардан коргоп атат. Эгер Рысбекти жок кылса баары бир ордуна башка бирөө келет. Бирок Рысбек ордунда калышы керек. Себеби, ал өтө калыс жана жакшы адам.

Ошентип кылмыш дүйнөсүндө белгилүү Рысбек Акматбаевдин үстүнөн сот жараяны башталды. Айыпталып аткандар болсо чуулгандуу кылмыш иштердин баарын топтоп, бизге жөн гана илип жатат, деп эсептешет. Ал эми жабырлануучу тараптар соттон акыйкаттык гана күтүп жатышат. Полковник Чыныбек Алиевдин жакындары эгер бул сот жараянында күнөөлүүлөр аныкталып, аларга татыктуу өкүм чыкпаса Кыргызстан анда келечеги жок мамлекет экенинин белгиси болот, деп билдиришти.

Бул чуулгандуу кылмыш иштер боюнча сот жараяны 9-ноябрда улантылмак болду.

XS
SM
MD
LG