Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:03

ЖАРАНДЫК КООМ ПРЕЗИДЕНТТИ СЫНГА АЛДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бишкектеги “Алатоо” аянтында 28-октябрда «Атуулдар кылмыштуулукка каршы, коомчулук кылмышкерлери жок Кыргызстан үчүн» деген аталыштагы митинг болуп өттү. Бул күнкү митингдин катышуучулары мамлекет башчы Курманбек Бакиевди кылмыштуу дүйнөнү колдоодо, өлкөдө тартипти орното албай жатат деп сындашты.

Мындай иш чара “Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар коалициясы баштаган жарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан уюштурулду. Ага эки миңден ашуун адам катышты. Аталган коалициянын башчысы Эдил Байсаловдун митингде берген маалыматына караганда, ушундай эле иш чаралар бул күнү өлкөнүн бардык дубандарында өткөрүлдү. Митингдин башкы максатын алгач сөз алган Эдил Басалов мындайча түшүндүрдү:

- Биздин акция жалпы коомчулукка өлкө атуулдары кылмышкерлерге жана кылмыштуулукка каршы экендигин билдирүүгө арналат. Кыргызстан өзүнүн тарыхында эң оор кыйын мезгилди башынан кечирип жатат. Буга чейин эч убакта уюшкан кылмыштуулуктун өкүлдөрү бүгүнкү күндөгүдөй ачык түрдө жогорку бийликке барууну каалаган эмес.Алардын өлкөдөгү экинчи адамды, өкмөт башчыны өлтүрөм деп коркутканын кандай түшүнсө болот?!

Эдил Байсалов ошондой эле бир катар бейөкмөт уюмдардын мамлекет башчы Курманбек Бакиевге жолдогон кайрылуусун окуп берди:

- Коомчулук сизден өлкөдө болуп жаткан окуялар боюнча так, бир тараптуу мамилеңизди күтүп жаткан. Сиз кылмыштуу дүйнөнүн өздөрүнүн талаптарын жогорку бийликке коюусуна жол бербейм деп айтышыңыз керек эле. Ошондой эле сиз өкмөттү жана анын башчысы Феликс Куловду ачык колдойм деп айтышыңыз керек эле.

Байсалов мындан сырткары мамлекет башчынын депутаттын өлүмү боюча тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керек деген билдирүүсүнө каршы экендигин билдирди:

- Мен тергөөнүн жыйынтыгы менен сүйлөйм деп ар кандай эле кишилер айта алат. Эл башкаргыңыз келсе, мамлекет башкаргыңыз келсе дароо эле так өзүнүздүн эркинизди көрсөтүшүңүз керек эле.

Эдил Байсалов өз сөзүндө аткаруу бийлигин кылмыштуу дүйнө менен биригип кетти деп да айыптады. Ал эми «Кылым шамы» бейөкмөт уюм башчысы Азиза Абдрасулова президенттик шайлоодо коомчулук тандем үчүн добуш берген деген оюн ортого салды:

- Бардыгыбыз ушул жерде чогулган адамдар президенттик шайлоодо Кулов-Бакиевдин тандеми учүн добуш бергенбиз. Ушул эки адам Кыргызстанды кризистен чыгарып кетет деп үмүт кылганбыз. Ортодон эки-үч ай өтпөй туруп Бакиев бул тандем күчүндөбү же жокпу, ал жөнүндө айтпай жатат.

Митинг бир саатка созулду. Байкоочулардын баамында, бул күнкү митинг мамлекет башчы Курманбек Бакиевди сындап, өкмөт башчы Феликс Куловду колдогон маанайда өттү. Бул тууралуу бейөкмөт уюмдар өткөргөн митингден кийин сөз алган Зайнап Өмүракунова деген аял мындай деди:

- Бул жерде Кулов иштесин деп ынтымакка чакырбай, кайра элди бөлүп жарган сөздөр чыгып жатат. Бул туура эмес. Мен Курманбек Бакиевдин жердеши эмесмин. Атбашыдан келип, калыс сөзүмдү айтып жатам.

Андан соң «Ар-намыс» партиясынын Феликс Куловду колдогон митинги улантылды. Алар да мамлекет башчы Курманбек Бакиевди сындашып, Феликс Куловду макташып, түндүк-түштүк маселелерин козгошту.

XS
SM
MD
LG