Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Жарандык коом митинг өткөрдү


БИШКЕК. 28-октябрда Бишкектин борбордук “Алатоо” аянтында “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын демилгеси менен уюштурулган митингге миңден ашуун адам катышты. Алар колдоруна “Кылмыш дүйнөсүнө каршы эл биримдикте”, “Биз-Феликс Куловду колдойбуз!”, “Элдин президенти бар!” деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп турушту. Аталган коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов президент Курманбек Бакиевдин иш аракеттерин сынга алып, кылмыш дүйнөсү менен чечкиндүү күрөшүүгө чакырды. Ал Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Таштемир Айтбаевди уюшкан кылмышкерлер менен сүйлөшүүлөргө барып, аларды тымызын колдоодо деген оюн айтып, аны айыптады.

Коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы Ойталбек Осмонов болсо Эдил Байсаловдун койгон айыптары негизсиз деген пикирде:

- Кылмышкерби, окумуштууларбы, саясий партиялардын лидерлери болобу, биз баары менен эле жолугушуп, сүйлөшүп жүрөбүз да. Андай жолугушуудан каралап, күнөөлөгөн ой чыгарбаш керек. Ошондуктан мен Байсаловдун пикирине эч качан кошула албайм.

Митингде чыгып сүйлөгөн адамдар президент Курманбек Бакиев менен Феликс Куловду ушак-айыңдарга алдырбай биримдикте, ынтымактуу иштөөгө чакырышты. Алар бийликтен тез аранын ичинде өлкөдө тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууну талап кылышты.

XS
SM
MD
LG