Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:42

ОШ ОБЛУСТУК БИЙЛИГИНИН ӨКҮЛҮ ГУБЕРНАТОРДУ СОТКО БЕРДИ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Мындан төрт ай мурун “Ош жаңырыгы” гезитинин баш редакторлугунан мыйзамсыз алып койгон деген айыптоо менен учурда Ош облустук мамлекеттик администрациясында социалдык иштер боюнча бөлүмдүн башчысы кызматында иштеп жаткан Мамырайым Дубанаев өзүнүн түздөн түз жетекчиси - Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыковду сотко берди.

Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыковдун буйругу менен Мамырайым Дубанаев “Ош жаңырыгы” гезитинин баш редакторлугунан бошотулуп, облустук мамлекеттик администрациянын социалдык бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. Туура төрт ай өткөн соң Мамырайым Дубанаев “Ош жаңырыгы” гезитинин баш редакторлук кызматына кайрадан калыбына келтирүү өтүнүчү менен Ош шаардык сотуна кайрылды.

Дубанаев мырза өзүн гезит редакторлугунан мажбурлоо жолу менен алынып, башка жумушка которулгамын деп эсептеп, соттон жабырлануучу катары өтүп жатат:

- Мени эч бир негизсиз облустук администрациядан тиешелүү жолдоштор чакырып, сиз кызматтан кетиңиз деген сөздөр болду. Мен бир айга чейин арызымды жазбай кетпейм десем, облакимчиликте иштеп турууга мажбурлашты. Албетте, сиздер тараптан айрым суроолор болуп калышы мүмкүн, эмне үчүн иштедиңиз деген. Чынында мен өзүмдүн эмгек стажымдын жоголбошун кааладым. Менин үй-бүлөм бар. Аларды багуу менин мойнумда. Ушул жагдайлардан улам аргасыздан акимчиликте иштеп турам.

Сотко жоопкер катары чакырылган Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыковдун кызыкчылыгын коргоо максатында сот жараянына анын орунбасары Мурадил Бакашов келип катышты. Ал сотто Мамарайым Дубанаевдин дооматтарын мындайча четке какты:

- Облустук администрациянын социалдык жана туризмди өнүктүрүү боюнча бөлүм башчылыгына дайынлаганда макул болбосо, иштебеши керек эле. Анын аталган бөлүмдө иштегенине төрт айдан өттү. Эмне себептеп макул эместигин төрт ай мурун айткан эмес. Аны эч ким колу-бутун кайрып, зордуктап алып барып отургузган эмес ал жерге.

Учурда “Ош жаңырыгы” гезитинин республикалык “Агым” жана “Учкун” гезиттеринде тажрыйба топтогон Абдувахап Мониев жетектеп жатат. Баш редактордун орунбасары Манас Орозбай уулу мурдагы жетекчи Мамырайым Дубанаевди редакциядагы финансылык башаламандыкка жол бергендиги үчүн сотко берүүгө даярданып жатышкандыгын билдирди:

- Чынында гезит мурдагыга караганда 14-16 бет болуп кызыктуу чыга баштады. Баары суктанып атышат. Мындан сырткары редакциядагы кээ бир жетишпестиктер тууралуу биздин баш редакторубуз дагы сотко берген. Эми ошол соттун жыйынтыгын көрөбүз.

Мамырайым Дубанаевдин доо арызы менен таанышып чыккан сот жыйынына төрагалык кылуучу тиешелүү документтер камсыз болбой жана күбөлөр толук келбей жаткандыгына байланыштуу сот жараянын 9-ноябрга жылдырды.

XS
SM
MD
LG