Эки жылдан бери прокуратура ЦРУнун жашыруун агенти Валери Плэймдин атын ким ачыкка чыгарганын иликтеп келатат. Башкы шектүүлөр катары АКШ президентинин саясий кеңешчиси Кэрл Роув жана вице-президент Чейнинин канцелярия башчысы Льюис Либбинин ысымдары аталган. Ирактагы согуштун тегерегиндеги талаш-тартыштардан улам келип чыккан бул иш боюнча күнөөсү далилденсе, Либби далай жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Окуянын башына келсек, 2003-жылдын январь айында АКШ президенти Жорж Буш элге кайрылып, Иракта согуш баштоо маселеси курчуп турганына басым жасаган:
- Британ өкмөтүнүн маалыматы боюнча, Саддам Хусейн жакында Африкадан байытылган уран алдырды, - деген анда Буш.
Эки айдан кийин АКШ аскерлери Иракка кирип барды. Андан көп өтпөй июль айында мурунку жылы Нигерияга Ирактын аскердик катнаштарын иликтөө максатында барып келген АКШнын мурдагы элчиси Жозеф Вильсон буларды билдирген:
- АКШ жетекчилиги коомчулуктун көз карашы кандай экенине башын оорутуп отурбастан чалгынчылардын тандалма маалыматтарына таянып алып эле чечим жасай берет, азыр ошого күбө болуп отурабыз.
Бир нече күндөн кийин экс-элчи бул сөздөрү үчүн үч уктаса түшүнө кирбеген сокку жеди. Вашингтондук гезитте анын аялы – Борбордук чалгындоо бюросунун жашыруун агенти деген кабар жарыяланды. Вильсон Нигерияга аны аялы атайлап жөнөткөн деген кабарды четке кагып, жубайынын жашыруун кесибин жарыя кылууну - өзүнөн өч алуу кампаниясы деп баалады. Көз карандысыз прокурор Патрик Фитцжеральд дароо тергөө иштерин баштап, гезиттин кабарчыларынан ал маалыматты Ак үйдө иштеген Роув менен Либбиден алганын сурап билген.
Эми минтип, вице-президент Дик Чейнинин башкы жардамчысына ырасмий кине тагылып, ал отставкага кетүүгө аргасыз болду. АКШ президентинин кеңешчиси Кэрл Роувга азырынча кине тагыла элек, бирок прокурор тергөө улантылып жатканын эскертти. Байкоочулар бул Вашингтондун саясий аброюна көлөкө түшүрө алчу иш экенин айтышууда. Коопсуздук жана чалгындоо кызматтарынын жашыруун агенттеринин ысымдарын ачыкка чыгарганы үчүн АКШнын мыйзамдарында атайын жаза каралган.