Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

МИТИНГДЕРГЕ ТЫЮУ САЛЫНАБЫ?


Кыргызстан аймагында тынч митингдерди уюштуруп, жүрүш жасоого убактылуу тыюу салуу маселеси кайрадан көтөрүлө баштады. Акыркылардан болуп мындай сунуш менен президентке жана Жогорку Кеңештин төрагасына Кыргызстан жазуучуларынын жамааты кайрылды. Буга чейин мындай демилгени октябрь айынын башында ЖК депутаты, учурда баш прокурордун милдетин аткарып жаткан Камбараалы Конгантиев көтөргөн. Ушул эле өңүттөгү көз карашын президент Курманбек Бакиев акыркы жыйындардын биринде билдирди.

Кыргызстандын баш мыйзамында өлкө аймагында тынч чогулуп, митинг өткөрүүгө, демонстрацияларды уюштурууга жана жүрүш жасоого уруксат берилген. Конституциянын 16-беренесинин 14-пункту боюнча иш чараны уюштуруу үчүн тиешелүү расмий тарапка билдирип коюу жетиштүү болот. Бирок Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Камбараалы Конгантиев митинг, пикет өңдүү акцияларды өткөрүүгө бир жылга чейин мораторий киргизүү сунушун 10-октябрда парламент сессиясында билдирген. Март ыңкылабынан кийинки өлкөдөгү кырдаалды биротоло турукташтыруу үчүн зарыл деп эсептеген Конгантиев бул сунушу негиздүү экенин кийинчерээк башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалгандан кийин да кайталады. Мындай пикирин ал депутат Тынычбек Акматбаевдин атып өлтүрүлүшүнөн улам уюштурулган митинг менен байланыштырып билдирди.

Ушул эле окуянын алкагында өкмөт үйүндө өткөн кеңейтилген жыйында президент Курманбек Бакиев да бул көз карашты жактады:

- Митинг, пикеттерди мен колдогон эмесмин жана мындан кийин да колдобойм. Бирок мыйзам жол бергенден кийин кантип мен буга тоскоолдук кыла алам. Эгер сиздер өкмөт менен бирге келгиле, бир жыл болобу, эки жыл болобу, мыйзам чегинде чечелик, токтосун ушунун бардыгы митингдер, пикеттер, жол берилбесин деп, мыйзамга өзгөртүү киргизе турган болсоңор – мен колдойм.

Президент баштаган мамлекеттик ишмерлердин мындай пикирлерин коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен бир катар саясатчылар кескин сынга алып, жарандардын Конституциялык укуктарына шек келтирүү катары санашууда. Алардын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов мындай талаптар диктатордук башкаруудагы тоталитардык доорго алып келиши ыктымал, ошондуктан, сак болуу керек дейт:

- Конституциянын тартиптерин бир-эки жыл эмес, бир мүнөткө да токтотконго эч кимдин акысы жок.

Ал эми «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын төрагасы Эдил Байсаловдун пикиринде:

- Биз мындай шартка эч качан барбайбыз. Демократия болушу керек, митингдерди да уюштурушубуз керек. Бирок эң негизгиси криминалдык топ менен күрөшүп, биздин жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу – бул президенттин милдети.

«Эркиндик» саясий партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев Курманбек Бакиевдин митингдерди убактылуу токтотуу тууралуу пикирин анын жаңылыштыгы катары карайт. Саясатчынын оюнда Конституциянын кепили катары мамлекет башчы мындай иштерге жол бербеши керек.

Анткен менен, мамлекеттик ишмерлердин билдирүүлөрүнө куйрук улаш Кыргызстан жазуучулар союзунун аттуу-баштуу мүчөлөрү президент Курманбек Бакиев менен Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин наамына кайрылуу жолдоп, март ыңкылабынан кийинки өткөөл мезгилдин шартын эске алып, митингдерге, жүрүштөргө жана демонстрацияларга эки жылга чейин мораторий жарыялоону, мыйзам бузууларга баргандарды мыйзам чегинде катуу жазалоону сунушташты. Мындай көрүнүштү айрым байкоочулар мурдагы бийликтин ыкмасын пайдалануу катары сыпатташууда. Белгилеп койчу жагы, бир жыл мурун коомчулуктун демилгесине таянган Бишкек жана Ош шаар кеңештери аталган шаарларда нааразылык акцияларын уюштурууга чектөөлөрдү киргизишкен.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG