Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

БУУ ИРАН ПРЕЗИДЕНТИНИН ИЗРАИЛЬ ЖӨНҮНДӨ АЙТКАН СӨЗДӨРҮН АЙЫПТАДЫ


Иран БУУнун Хартиясын урматтап, эч бир өлкөгө каршы күч колдонбойт жана эч кимдин коопсуздугуна шек келтирбейт. Ирандын тышкы мекемесинин ушундай билдирүүсүн бүгүн ИРНА агенттиги таратты. Шаршембиде президент Махмуд Ахмадинежад Израилди дүйнөнүн картасынан жок кылыш керек деп, эл аралык коомчулуктун катуу сынына кабылган эле.

Ахмадинежад Израилди картадан өчүрүп салыш керек деген чакырык жасаган алгачкы ирандык президент эмес. Бирок анын комментарийлери өзгөчө катуу реакция жаратып жатат.

Жума күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши уюмдун мүчө-мамлекеттери башка өлкөлөргө каршы күч колдонуу же коркутуп-үркүтүүлөргө жол бербөөгө тийиш, деп билдирди.

Румыниянын БУУдагы элчиси Михнеа Моток Коопсуздук кеңешинин атынан сүйлөп, буларды айтты:

- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Иран Ислам жумуриятынын президенти Махмуд Ахмадинежаддын Израиль жөнүндөгү комментарийлерин айыптайт.

Израилдин улуттар уюмундагы элчиси Дан Гиллерман кеңештин билдирүүсүн кубаттады:

- Иран президентинин сөздөрү кооптонуу гана жаратпастан, экстремизм, фундаментализм жана акыл-эстүүлүктүн жоктугу дүйнөгө коркунуч туудурган режимдердин бир бөлүгү экенин көргөздү.

Бирок Иран ал эч качан эч бир өлкөнү коркутуп-үркүтпөгөндүгүн, кайсы бир өлкөгө кол салууга ниеттенбегендигин ырастоодо. Ирандын тышкы мекемесинин билдирүүсүндө БУУнун декларациясы “сионисттик режим” тарабынан сунуш этилген делинет.

БУУга чейин Ахмадинежаддын сөздөрүн бир катар өлкөлөр айыпташкан. АКШнын мамлекеттик департаменти Тегерандын атомдук амбициялары өсүп жаткан кезде, Ахмадинежаддын чакырыктары өзгөчө кооптонууну жаратат жана Иран ядролук курал жасоонун үстүнөн иштеп жатат деген тынчсыздануу бекер жеринен эмес экенин далилдейт, деген билдирүү жасады. Иранга каршы катуу чара көрүүнү жактабаган Орусия да бул жолу нааразылыгын жашырган жок.

Тегеран болсо буга чейин ушундай эле кептер башка мусулман лидерлеринин оозунан чыкканын айтып, эмне үчүн Иран мамлекет башчысынын сөзү эл аралык коомчулуктун ушундай реакциясын жаратты, деп таң калууда.

Ирандын ырасмий өкүлдөрү муну жөөт мамлекетине каршы айтылган ураандар менен эмес, өлкөнүн атомдук программасы менен байланыштырышууда. Ирандын тышкы иштер министрлиги ишемби күнкү билдирүүсүндө БУУнун коопсуздук кеңеши башка өлкөлөр Иранга коркунуч туудурган учурларды көңүл сыртында калтырып келатат, деп сындады.

XS
SM
MD
LG