Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:00

ИРАКТА КАРАПАЙЫМ КАЛК АРАСЫНДАГЫ ЖОГОТУУЛАР КҮН САНАП ӨСҮҮДӨ


Пентагондун соңку отчетуна ылайык, 2004-жылдын 1-январынан тартып Ирактагы согушта 26 миңге жакын ирактык каза тапты же майып болду. Бирок бир катар эксперттер карапайым калк арасындагы жоготуулар жөнүндө так маалымат алуу дээрлик мүмкүн эмес, деп эсептешет.

Америкалык аскерлер Иракка кирген 2003-жылдын март айынан бери Вашингтон козголоңчулардын кол салууларынан жана башка адисалардан канча мекендеши мерт кеткенин үзбөй санап келатат. Жакында жарыяланган маалыматка ылайык, бул сан азыр 2 миң кишиден ашты. Бирок ирактыктар арасындагы жоготууларды Пентагон буга чейин эсептебей келген.

Эми АКШнын коргоо мекемеси өз саясатын өзгөрттү өңдөнөт.Үстүбүздөгү айда Конгресске жиберилген документте 2004-жылдан тартып, козголоңчулардын терракттарынан 26 миң ирактык каза тапкан же майып болгон делинет. Курмандыктар арасында карапайым жарандар менен катар Ирактын улуттук армиясынын жоокерлери да бар.

Бирок бул цифралар чындыкка канчалык дал келет? “Эркин Ирак” радиосунун Багдаддагы бюросунун жетекчиси Моайед ал-Хайдари карапайым калк арасындагы жоготуулар жөнүндөгү так маалымат алуу дээрлик мүмкүн эмес деп эсептейт:

- Күнүгө орун алып келаткан терракттардан жакындарын жоготкондор полицияга барып, кагаз толтуруп, керектүү чараларды көрүшпөйт. Себеби алар террористтердин өч алуусунан коркушат.

Кээ бир учурларда болсо полиция кызматкерлери да этият болуп, кол салуу болгон жерге барып, тергөө өткөрүүдөн баш тартат, - деп сөзүн улантат журналист. Кээде болсо элдер жакындарынын сөөктөрүн дароо эле жерге коюп салышат.

Пентагон өзү деле анын маалыматы так эместигин белгилейт. Бирок 26 миң киши деген сан буга чейин болжолдонгондон кыйла төмөн болуп чыкты.
АКШ менен Британиянын көз карандысыз уюмдарынын бири америкалык аскерлердин оккупациясы башталгандан бери курман болгон ирактыктардын саны 26 миң 700 – 30миң 100дүн айлансында деп ырастоодо.

Мындай маалыматты уюм прессадагы кабарларга таянып алган. Былтыр октябрда британиялык “Лансет” деген медициналык журнал согушка байланышкан ар кандай окуяларда 98 миңдей ирактык ажал тапты деген маалыматын жарыялаган. Жон Хопкинс атындагы университеттин эпидемиологдору согушка чейин Иракта жылына канча адам дүйнө менен кош айтышканын азыркы статистика менен салыштырган. Медиктердин иликтөөсүн АКШ жана Британиянын өкмөттөрү талашып келатышат.

Бирок кандай сандар келтирилбесин, байкоочулардын бардыгы бир нерсени бир добуштан айтышат: Иракта карапайым эл арасындагы жоготуулар күн санап өсүүдө.

XS
SM
MD
LG