Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:44

ИРАН ПРЕЗИДЕНТИНИН СӨЗДӨРҮ СЫНГА АЛЫНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 26-октябрда Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын Израилге каршы айткан сөздөрү дүйнөлүк жетекчилер тарабынан сынга алынууда.

Ишемби күнү Франциянын Тулуза шаарында Франция менен Израилдин тышкы иштер министрлери жолукканда дагы алар Иранга каршы катуу сөздөрдү айтты. 28-октябрда болсо Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Михия Моток расми билдирүү менен чыгып, Иран президентинин билдирүүсүн сындады:

- Улуу даражалуу Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежаддын Израил тууралуу айткан сөздөрүн Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү сынга алат.

Ага чейин болсо Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Анан дагы өз пикирин билдирип, уюмга мүчө эч бир мамлекет башка мүчө-өлкөнү жок кылуу керек деген сөздөрдү айтпаш керек деген. Аннан үстүбүздөгү жылдын декабрында кызмат сапар менен Иранга барышы белгиленген, бирок азыр айрым саясатчылар ага басым жасап, Кофи Аннан ал сапардан баш тартууга тийиш деп билдирүүдө.

Ирандын Франциядагы элчиси Садык Харрази Париждеги тышкы иштер министрлигине чакырылып, ага Франциянын каршылыгы билдирилди. Элчинин айтымында болсо, президент Ахмадинеджад Израил элине каршы эмес, сионизмге каршы сүйлөгөн. Анын айтымында, Израил тарабынан басылып алынган араб жерлери 40 жылдан бери оккупация алдында жатат жана алардын бошотулбаганы - сионисттик саясаттын кесепети. Бириккен Улуттардын чечими боюнча, Палестинадагы араб мамлекетинин борбору Йерусалим шаары болууга тийиш, бирок ал дагы азыр Израилдин колунда.

Иран парламентинин спикери Голямали Хаддад Аделдин айтымында болсо, Иранды Бириккен Улуттар Уюмунан чыгарып салуу керек деген Израилдин сунушу эч кандай дипломатиялык ыкмаларга жатпайт.

Иран президенти 26-октябрда Тегеранда өтүп жаткан конференцияда чыгып сүйлөп, бир кезде аятолла Хомейни айткан сөздөрдү кайталаган. Хомейни болсо өз кезегинде - Израил дүйнө карталарынан мамлекет катары жок кылынууга тийиш деп билдирген.

XS
SM
MD
LG