Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

ОРУСИЯДА ДИНИЙ АЗЧЫЛЫКТАРГА КЫСЫМ АРТУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда диний азчылыкка кысым көргөзүү артып баратканы айтылууда. Анализчилер баамында, андай кысым жергиликтүү бийлик ээлеринен тартып, улутчул топтор, скинхед кыймылы ошондой эле өлкөдө саны жагынан көптүк кылган христиан дининин күйөрмандары тараптан болуп атат.

Орусия байрагы астында күн көргөн мусулмандар өлкөдө азыр кыйла кыйынчылыктарды башынан өткөрүп аткан кез. Кайсы бир анализчилер буга орусиялык мусулмандардын 70 жылдык атеизмди башынан өткөргөндөн соң исламга кайра келүүсүндөгү кырдаал себепкер болуп атат дешет. Чечен согушунда өздөрүн ислам динине жамынып көргөзгөн согушуучулардан кийин коомчулукта мусулман динин анын арасынан экстремисттер чыкчу дин кылып көргөзүү адат болуп кеткен. Улутчул жаштар андай маанайдын байрагын көкөлөтө көтөрүүчүсү болуп дегеле өңү түсү орус эместерге кол салуусун улантып атышат. Алардын максаты - Орусияны бир диндин, бир элдин мекени кылуу.

Орусиянын адам укуктары боюнча бүйрөсүнүн жетекчиси Александр Броддун айтканына караганда, христиан дининин поптору саны жагынан аздык кылган диндерге ачык эле кысым көргөзүүдө:

- Баптисттер чиркөөсүнүн алдында ар бир жекшембиде, православиелик поп өзүнүн кишилери менен келип, ал жерде Балашихадагы баптисттерди сүрүп таштоо айгагын айтып, ошол жерде сыйынуу өткөрөт.

Элди диний кагылышка тукурган мындай жорукту тыюу үчүн алар прокуратурага кайрылышкан. Бирок алардын арызын каттабай койгон. Экинчи мисалды Чехов калаасынын туругндары айтышат. Кыска мөөнөт ичинде баптисттер, пресветриан жана пятисеятники чиркөөлөрүн кимдир бирөөлөр өрттөп жиберишкен. Булардын катарында ислам дининин саал да болсо өйдө жагы бар экенин кайсы бир анализчилер айтышат. Бирок исламды экстремисттер чыкчу дин деп айтуу орусияда көндүм болуп бартканы да байкалат.

Андай жаманаттынын бири мынабул эле, 13-октябрде Нальчикте болгон куралдуу кагылыштан кийин калды. Чеченстандан 150 чакырым алыс жаткан Кабарда-Балкар жумуриятынын тургундары жасаган ал кагылышты саясатчылардын бири “төңкөрүш жасоо аракети” болду десе, бири – “федералдарга каршы кыр көргөзүү” болду дешет. Мындай абал диний кагылышты чукулдатып койду дегенгдер да бар.

Көз карандысыз анализчи Юрий Ханжиндин пикири боюнча, кептин баары өйдөдө жүргүзүлгөн саясатта:

- Кеп бир эле мусулмандарга, ошондой эле алардын диний борборлоруна кол салып аткан скинхэддер менен экстремисттик топтордо эмес. Кеп - мусулмандарды экстремисттик топторду таркатып аткан деп жарыялаган мамлекеттик саясатта жатат.
XS
SM
MD
LG