Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун өкүлү кечээ күнү Вена шаарынан казак жетекчилигине кайрылып, өлкөдө интернет боюнча кабыл алынган акыркы чечимдерди өзгөртүүнү талап кылды. Казак өкмөтү интернет сайттарды каттоодон өткөрүү үчүн татаал эрежелерди киргизген жана аларга ылайык, сайттардын аттары дагы бир топ татаал болууга тийиш. Андан тышкары, интернет маалымат каражаттарынын иштери боюнча өкмөткө көз карандысыз агенттик түзүү сунушу дагы айтылды, чектөө чечимдери болсо кабыл алынаардын алдында парламентте талкууланууга тийиш.