Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

РАФИК ХАРИРИНИН ӨЛТҮРҮЛҮШҮ ҮЧҮН СИРИЯ КҮНӨӨЛӨНҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага 31-октябрда Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши бир добуштан чечим кабыл алып, Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Хариринин өлтүрүлүшү тууралуу тергөө иштерине Сирия жетекчилигинин толук көмөк көрсөтүшүн талап кылды.

Харири үстүбүздөгү жылдын февралында Бейрут шаарында өлтүрүлгөн жана немис соту Детлев Мехлис жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыктарына караганда, ал террор аракетин уюштурууга Сириянын бир топ жогорку жетекчилери катышкан.

Коопсуздук Кеңешинин жыйынына 12 мамлекеттин тышкы иштер министрлери катышты. АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын айтымында, Сирия жетекчилиги - абал канчалык оор экенин түшүнүүгө тийиш:

- Дүйнө коомчулугунан өзүн обочолонтуп, жалган билдирүүлөрдү жасап, терроризмди колдоп, кошуна мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү менен Сирия Жакынкы Чыгыштагы абалды бейстабилдештиреп жатканын бүгүнкү чечимибиз менен биз Сирияга көрсөтүүгө аракеттендик. Эми Сирия өзүнүн саясатын өзгөртүү боюнча стратегиялык чечим кабыл алууга тийиш.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жек Стронун айтымында болсо, келечекте мындан да катуу чаралар көрүлүшү мүмкүн:

- Сирия жетекчилигине биз белги бердик - биздин сабырдуулугубуздун да чеги бар. Эгерде алар тергөө менен дароо жана толук кызматташпаса, ишти караштырып жаткан комиссия жана Коопсуздук Кеңеши жаңы чечим кабыл алып, Ливан өкмөтүнүн адилеттүүлүк орнотуу аракеттерине жардамдашышы мүмкүн.

АКШ, Британия жана Франция даярдаган чечимдин долбооруна Сирияга каршы чектөөлөр жарыяланышы мүмкүн деген сөздөр да киргизилген, бирок Кытай жана Орусиянын сунушу менен андай катуу сөздөр алынып салынды. Анткен менен тергөө толук аяктаганга чейин шектелип жаткан адамдардын башка өлкөлөргө кетүү аракeттери чектелиши керек.

Бириккен Улуттардын комиссиясы акыркы докладын 15-декабрга карата жарыялайт. Азырынча болсо Сирия президенти Башар Асаддын бир тууганы Махер Асад жана президенттин кайнагасы Асеф Шаукатка каршы күнөө коюлууда. Шаукат Сириянын коопсуздук кызматын жетектейт жана Батыш басма сөзүндө жарыяланган маалыматтарга караганда, бул эки адам 2004-жылдын сентябрында атайын жыйын өткөрүп, Харирини өлтүрүү тууралуу чечим кабыл алган. Харири такай күчтүү коопсуздук чараларын көрүп келген, ошондуктан аны өлтүрүүнү даярдаш үчүн абдан көп убакыт, каражат жана күч кеткен. 14-февралдагы жардыруудан Харириден тышкары дагы 22 адам өлүп, 200 киши жараат алган.

XS
SM
MD
LG