1-ноябрда Молдовановкадагы №31 колонияга Ички иштер аскер кызматынын жоокерлери киргизилип, жаза өтөөчүлөр тараптан автомат, снайперден ок атылды. Бул тууралуу Юстиция министри Марат Кайыпов “Азаттыкка” буларды билдирди:
- Биз 20-октябрда депутат Тынычбек Акматбаев жана анын жанындагыларды атып өлтүргөн деп күмөн болгон адамдарды прокурордун санкциясы боюнча алып чыктык.
Марат Кайыповдун айтымында, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кылмыш дүйнөсүндөгү “авторитет” деп аталган Азиз Батукаев чөнтөк телефон аркылуу башка колонияларга тополоң чыгарууга буйрук берген. Учурда колонияларда абал жөнгө салынып, кырдаал көзөмөлдө турат, деди министр Марат Кайыпов.
Эки тараптуу ок атышуудан Жаза өтөө башкармалыгынын жетекчиси Капар Мукаев колунан жаракат алган. Расмий бийлик өкүлдөрүнүн айрым бир маалыматтарына караганда, колонияда жаза өтөгөндөрдүн арасынан 2 адам набыт болгон. Ал эми колонияда жаза өтөп аткан айрым адамдардын чөнтөк телефон аркылуу билдиргенине караганда, жаза өтөп жаткандардын 18ге чукулу ок атышууда набыт кеткен.
Cүрөттө: 31-абактын короосу атышуудан кийин