Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

№31 ТҮРМӨДӨ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МЕНЕН КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИН ОРТОСУНДА КАГЫЛЫШУУ БОЛДУ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 1-ноябрда эртең менен Бишкектеги №31, 1, 8 түрмөлөрдө тартип коргоо кызматкерлери менен кылмышкерлердин ортосунда кагылышуу болду. Түрмөдө отургандардын жана алардын туугандарынын айтымында №31 түрмөдө он сегиз, № 8 түрмөдө үч ал эми № 1 түрмөдө бир кылмышкер каза болгон. Мындай маалыматты аткаруу бийлигинин өкүлдөрү четке кагышууда

Жогорудагыдай маалыматты угарыбыз менен Молдовановка айылында жайгашкан номур отуз биринчи, сегизинчи жана биринчи түрмөлөрдү көздөй жөнөдүк. Айылга кире бериш жерде он чакты милиция кызматкерлери авто унааларды токтотушуп, ал жакка эч кимди киргизбей жатышыптыр. Ошондой эле ал жерде түрмөдө отурган жакындарына тамак-аш алып бараткан адамдарды да жолуктурдук. Алар түрмөдө атышуу болгондугун, натыйжада 31-түрмөдө 200 адам өлгөндүгүн журналисттерге айтып беришти:

- Телефондо сүйлөшкөндө автоматтын үнү чыгып жатты. Башкаларга да телефон чалдык. Алар бизге түрмөдө эки жүздөй атуул каза болгондугун маалымдашты.

Андан соң бул атуулдардан алардын 1-түрмөдө отурган жакындарынын телефон номурун алып байланыштык. Өзүн Вадим деп тааныштырган атуул бизге түрмөдөн төмөндөгүдөй маалымат берди:

- Биз отурган түрмөдө бир адам, отуз биринчи түрмөдөн 18, сегизинчи түрмөдө үч адам өлдү. Отуз биринчи түрмөдөн он сегиз адамдын сөөгүн алып чыгып кеткенин көрүшүптүр. Биз телефон аркылуу сүйлөштүк. Ошондуктан биз бейкүнөө адамдарды аткандыгы үчүн узак мөөнөткө ачкачылык жарыяладык. Мындай акцияны Бишкектеги бардык түрмөлөрдө отургандар колдошууда.

Мындай маалыматты Молдовановкага кире бериш жерде жүргүнчүлөрдү ары бери өткөрбөй жаткан милиция кызматкерлери жокко чыгарышты:

- Мындай маалымат чындыкка жакын эмес. Алар туура эмес айтышууда. Мынча адам каза болгон жок.

Ал эми ошол жерде турган, атын атагысы келбеген милициянын полковнигинин айтымында, өлкөнүн тартип коргоо кызматкерлери отуз биричи түрмөдө отурган кылмышкерлердин авторитети деп аталган Азиз Батукаевди алып чыгып кетүү аракетин жасашкан учурда кагылышуу болгон:

-Кагылышуу Азиз Батукаевди башка жакка алып чыгып кетүү учурунда болду. Түрмөдө отургандар мындай аракетке каршылык билдиришти.

Андан соң биз Новопавловка айылындагы номер үчүнчү түрмөгө бардык. Ал жерде да бир нече автоунаа менен куралдуу милиция кызматкерлери турушкандыгын көрдүк. Алар бизге эмне максат менен турушкандыгын айтууудан баш тартышты.

Ушул эле кунү президенттин алдындагы коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Бусурманкул Табалдиев отуз биринчи түрмөдо он сегиз адам өлдү деген маалыматты жалган деп, четке какты. Ал эми Акыйкатчынын орун басары Садык Шернияз болсо, чынында эле милиция кызматкерли менен кылмышкерлердин ортосунда кагылышуу болгондугун, натыйжада Жаза өтөө башкармалыгынын башчысы Капар Мукеев колунан жараат алгандыгын маалымдады.

Ошентип, азырынча түрмөлөрдөгү кырдаал боюча түрдүү маалыматтар таратылууда. Ал эми аткаруу бийлиги азырынча эч кандай маалымат тарата элек.

Cүрөттө: 31-абактын короосу кагылышуудан кийин

XS
SM
MD
LG