Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:13

ОШТОГУ ТЕРГӨӨ АБАГЫНДАГЫ АБАЛ ДАРОО ЖӨНГӨ САЛЫНДЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Чүй облусунун аймагында жайгашкан түрмөлөрдөгү түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ош шаарындагы №25 тергөө абагындагылар арасында да толкундоолор болуп бир канча убакыттан кийин кайра басылды. Аталган тергөө абагынын жетекчилиги кырдаал жөнгө салынып, абал көзөмөлдө тургандыгын билдирди.

Атын атабоону суранган тергөө абагынын жооптуу кызматкеринин айтымында, эртең мененки саат 9-10дор чамасында убактылуу кармоо жайындагылар эч бир талап койбостон эле кыйкырышып, камералардын эшиктерин тепкилешкен. Бир канча убакыттан соң абактагылар тынчып, кызматкерлер өз милдеттерин аткарууга кирише башатаган. Тергөө абагынын башчысы Самидин Сатаров абал көзөмөлдө экендигин мындайча билдирди:

- Бизде эч кандай көтөрүлүш болгон жок, тынч эле. Булардын бизге кое турган айыбы жок. Тамак-ашы, жууркан-төшөгү жетиштүү.

Жазаны аткаруу башкы башкармалыгынын Ош шаарындагы №25 тергөө абагынын ичинде кызматкерлер адаттагы режим боюнча иштеп жатышат. Абактын сыртынан Ош облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктарынын куралдуу кызматкерлери кайтарууга алышууда:

- Ош шаарындагы жайгашкан №5 тергөө абагынын айланасында дагы Ош шаардык ички иштер башкармасынын жана Ош облустук ички иштер бакшармасынын кызмактерлеринен турган атайын куралчан кызмактерлер коюлду. Азыркы убакта кудайга шүгүр тынч, эч кандай инцидент болгон жок, - дейт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага инспектору Замирбек Сыдыков.

XS
SM
MD
LG