Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:19

КЫРГЫЗСТАН АКШ МЕНЕН ЖАҢЫ МАКУЛДАШУУ ТҮЗҮҮГӨ КЫЗЫКДАР


1-ноябрда Кыргызстанга АКШнын аскерий кол башчысы Жон Абизейд келип, президент Курманбек Бакиев баштаган бир катар мамлекеттик ишмерлер менен жолугуштуу. Жолугушууларда аскерий кызматташтык маселелери талкууга алынды.

АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы аскерий кызматташтык ириде бул өлкө башында турган антитеррордук коалициянын Ганси авиабазасы менен тыгыз байланышта. Бирок Шанхай кызматташтык уюму 5-июлда өткөн Астана жолугушуусунда АКШнын Борбор Азиядагы базаларын жабуу мөөнөтүн тактоо маселесин кабыргасынан койгон. Бирок тараптар Ооганстанда кырдаал биротоло турукташмайынча базаны чыгарып кетүү маселеси көтөрүлбөстүгүн айтып жатышат. Мындай көз караштар АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелддин июль айында, мамлекеттик катчы Кондолиза Райстын сентябрь айында Кыргызстанга жасаган расмий сапарларынын учурунда айтылган. Маселен, мамлекеттик катчы Кондализа Райстын «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна берген жообунда президент Курманбек Бакиев менен болгон жолугушууда тараптар бул маселени аныкташкандыгын билдирген:

- Өнөктөштүктө эл аралык күчтөр менен бирдикте Ооганстандагы террористтик күчтөргө каршы согуш алып барып жаткан үчүн гана база иштеп жатат. Ушул согуш аягына чыкканда гана биз өз күчтөрүбүздү алып чыгып кетебиз деп белгилеп кетет элем. АКШ жана Кыргызстан бири-биринин ортосундагы мындай маселелерди талкуулоо аркылуу чечүүгө даяр.

Ушул эле жолугушуудан кийин берген маалымат жыйынында президент Курманбек Бакиев да аскерий базанын кетиш-калышы тикелей Ооганстандагы жагдайдан көз каранды экенин билдирген. Ал эми АКШнын аскерий кол башчысы Жон Абизейд менен жолугушууда Курманбек Бакиев Кыргызстан АКШ менен кызматташтыкта эл аралык жана эки тараптуу жолугушууларды так аткарып жаткандыгын белгилеп, аны Ганси авиабазасынын жайгашып турушу менен байланыштырды. Ошондой эле президент кыргыз тарап кызматташтык тууралуу жаңы макулдашуунун долбоорун иштеп чыккандыгын билдирди:

- Учурда кыргыз тарап макулдашуунун жаңы долбоорун иштеп бүтүп калды. Сиздин келишиңизден пайдаланып, бул маселени узакка созбой, эки тараптуу карасак деп суранат элем.

Курманбек Бакиев буга чейин Бишкекте коргоо министри Доналд Рамсфелд менен жолугушууда кызматташтык каржылык жагын карап көрүү зарылдыгын белгилеген. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Бакирдин Жолчуев тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жетектеген өкмөттүк комиссия аталган долбоорду иштеп бүтүп, америкалык эксперттердин кароосуна жөнөткөндүгүн билдирди:

- Өкмөттүк комиссия азыр жаңы долбоорду иштеп бүттү. Келишимдин долбоору мурдагыга караганда биртоп кеңейтилди. Анын ичинде аскер пунктуна байланыштуу өз ара мамиленин бир топ пункттары келишимде кеңейтилди.

Бакирдин Жолчуевдин айтымында, долбоордо экологиялык чыгымдарга байланышкан жоболор да камтылды:

- Бул дүйнөлүк практикада болуп жүргөн жумуш. Атмосфералфк абаны камсыз кылуучу конвенциянын мүчөсү катары баары бир ошонун зыяна бар деп эсептейбиз.

Белгилеп койчу жагы, АКШнын аскерий кол башчысы Жон Абизейд Кыргызстанга иш сапарынын учурунда президент Курманбек Бакиев, коргоо министри Исмаил Исаков жана чегара кызматынын төрагасы Мырзакан Субанов менен жолугушуп, эки тараптуу аскерий кызматташтыктын азыркы өңүтү жана келечек багыттары талкууланды. Бул тууралуу тараптардын маалымат кызматтары кабарлашты.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG