БИШКЕК. Шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп Молдомуса Конгантиев дайындылды. Бул тууралуу 1-ноябрда премьер-министрдин маалымат кызматынан билдиришти. Ал эми бул кызматты убактылуу аткарып турган Өмүрбек Суваналиев ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Буга чейин бул кызматты Молдомуса Конгантиев аткарып келген.