Линктер

дүйшөмбү, 19-август, 2019 Бишкек убактысы 16:04

ӨНҮГҮҮНҮН БИР ЖОЛУ - КОҢШУЛАРДЫН МУНАСАСЫ


Азия өнүгүү банкы Кыргызстанга 573 миллион долларлык көмөк көрсөткөн. 3-4-ноябрда Бишкекте Азия өнүгүү банкынын демилгеси менен Борбор жана Түштүк Азия ишкерлеринин «тегерек үстөл» жыйыны, ага улай Борбор Азия чөлкөмүндөгү экономикалык кызматташтыкка кирген өлкөлөрдүн министрлеринин конференциясы өткөнү турат. Бул иш-чаралардын маани-мазмуну, эларалык каржы уюмунун Кыргызстанга көрсөтүп жаткан көмөгү тууралуу 2-ноябрдагы маалымат жыйынында кеп жүрдү.

Азия өнүгүү банкына мүчө өлкөлөрдүн өз ара кызматташуусун өнүктүрүү амалында Борбор Азия чөлкөмүндөгү экономикалык өнүгүү программасы 1997-жылы иштелип чыгып, кийин ал өзүнчө программа катары иштей баштаганына үч жылдан ашты. Жаңы түзүмгө Кытай, Монголия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан менен Өзбекстан мүчө. Жакындан бери ага Ооганстан менен Орусия кошула тургандыгы маалымдала баштады.

63 өлкөнүн башын бириктирген Азия өнүгүү банкы Кыргызстанга 573 миллион долларлык көмөк көрсөткөн. Жардам акчанын 145 миллион доллары Ош-Бишкек жолун оңдоп чыгуу долбоорун ишке ашырууга чегерилген. Ушу тапта иштин үчүнчү тарамы аткарылууда. Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ашраф Маликтин айтымында, бул ишке жергиликтүү адистер катышууда, бирок да тендерди утуп алууга кыргызстандык курулуш компанияларынын мүмкүнчүлүгү жете элек.

- Бул өзү бир нече миллион долларлык долбоорлор. Миллиондогон долларлык ишке макулдашуу түзүп жатканда бизге жетиштүү башкаруусу, техникалык-инженердик кубаты, техникасы менен, каржылык мүмкүнчүлүгү бар, анан да ири эларалык долбоорлордо иштеп көзү каныккан компаниялардын болушун талап кылабыз. Азырынча андай потенциалы бар, тажрыйбасы жетиштүү курулуш компаниялары Кыргызстанда жок.

Ашраф Малик келечекте андай компаниялар Кыргызстандан деле чыгарына ишенерин билдирди. Быйылкы жылдан тарта Азия өнүгүү банкы каржылык көмөк көрсөтүүнүн грант түрүнө өтүп, кредиттердин санын 50 пайызга чейин кыскартты. Азия өнүгүү банкы Борбор Азия чөлкөмүндөгү экономикалык кызматташуу программасынын алкагында Баткенден Тажикстандын Канибадам шаарына электр линияларын тартуу, Ош-Сарыташ, Бишкек-Кордой автожолдорун кайрадан оңдоп чыгуу долбоорлорун каржылоодо.

Азия өнүгүү банкынын аталган долбоор боюнча бөлүм башчысы Крейг Стефенсон өнүгүп бараткан өлкөлөр өз ара түшүнүүчүлүккө жетишүүсү зарыл деп эсептейт. Деңиз жолунан алыс, базары кичине өлкөлөр экономикалык ымала-катыштарын мунасага келип, ачык чечип алышы абзел. Мына ошондой иш-чаралардын экөө удаама-удаа Бишкекте өткөнү турат.

- Буга чейин жасалган иштердин эң негизгиси, чордондуусу эми башталат. Оболу бизнес «тегерек үстөл» жыйыны, артынан расмий жетекчилердин жыйыны чогулганы турат. Ага Кыргызстандын президенти менен Азия өнүгүү банкынын жетекчиси катышат. Бу чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн баарынын алдында бирдей проблемалар, окшош кыйынчылыктар, тоскоолдуктар турат. Баары тең деңиз жолуна түз чыга алышпайт, жергиликтүү базарларынын мүмкүнчүлүгү чектелүү. Тышкы соодага чыгуу көп кыйынчылыктар менен коштолот. Саясий өнүгүү жагында биртоп проблемалар чогулган, жөнгө салуу, башкаруу жаатында да маселелер биртоп.

Азия өнүгүү банкынын адистеринин эсеби боюнча, Борбор Азия республикалары үчүн ириде карым-катнаш – транспорт проблемасын жөнгө салуу, товарлардын бир жерден экинчи жерге ташылып жеткирилишине жол ачып берүү, суу-энергетика маселесин жөндөө, ортодогу соода алака-катышын өнүктүрүү өзгөчө маанилүү. Орусиянын деңиз жолуна чыгуу аракетине караганда Иран менен Пакистандын деңиз портторуна жүк ташуу кыйла арзан, жеңил болоор эле.
XS
SM
MD
LG