Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:33

КЕҢЕШМЕ МҮЧӨЛӨРҮ БАШ МЫЙЗАМ БОЮНЧА БИР ПИКИРГЕ КЕЛЕ ЭЛЕК


Бакыт Аманбаев, Бишкек Президент жетектеген Конституциялык кеңешме буга чейин үч жолу жыйын өткөрдү. Кеңешменин төртүнчү жыйыны 5-ноябрда өткөрүлөт. Андан соң Конституциянын долбоору элдик талкууга коюлаары пландаштырылууда. Буга байланыштуу коомчулукта Баш мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жетишээрлик убакыт берилбей калды деген кооптонуулар айтылууда. Ал эми Кеңешме мүчөлөрү мындай пикирге макул эмес.

Конституциялык реформа жүргүзүү демилгеси март ыңкылабынан кийин дароо эле көтөрүлгөн. Андан бери Конституциялык кеңешменин курамы эки жолу өзгөртүлдү. Президенттик шайлоодон кийин Кеңешменин төрагалыгына мамлекет башчы Курманбек Бакиев шайланды. Жаңы түзүлгөн Кеңешме Баш мыйзамдын долборун буга чейин үч жолу талкуулады. Төртүнчү жыйындан соң Баш мыйзамдын долбоору элдик талкууга коюлуу алдында турат.

Соңку он жыл ичинде Баш мыйзам төрт жолу өзгөртүлгөндүгүн эске алганда, айрым байкоочулар бул жолу да саясий реформа шашылыш жүргүзүлүп, Баш мыйзам кыска мөөнөттөн кийин кайрадан дагы өзгөртүүгө учурабайбы, деген суроо коюшууда. Ал эми кеңешме мүчөлөрү болсо учурда Кыргызстан үчүн Баш мыйзамды тез аранын ичинде кабыл алуу зарыл дешип, төмөндөгүдөй жүйөөлөрүн келтиришет:

- Себеби биз тез аранын ичинде Кыргызстан келечекте кайсыл жол менен бараарын, кандайча өнүгөөрүн, анын саясий системасы кандай болоорун такташыбыз керек. Ошондой эле жогорку бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын аныктоо зарыл. Өлкөдөгү соңку мезгилдери орун алган саясий акциялар да мына ушуга байланыштуу болууда, - дейт «Ар-намыс» партиясынын учурдагы төрагасы Эмил Алиев.

Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов да колдойт:

- Ушул тарыхый мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, көп кечиктирбей Конституциялык реформаны жасашыбыз керек. Себеби эгерде биз бул реформаны кечендете бере турган босок, ал дээрлик кабыл алынбай, көп жылдарга созулуп кетиши ыктымал.

Ошентип учурда өлкөдөгу дээрлик бардык саясий күчтөр Баш мыйзамды кыска мөөнөт ичинде кабыл алуу демилгесине макул болушууда. Негизги талаш-тартыш Кыргызстанды келечекте кандай башкаруу системасына өткөрүү зарыл, президент, өкмөт башчы жана парламенттин ыйгарым укуктары кандай бөлүштүрүлүшү керек, парламентти кандай шайлоо ыкмасы менен түзүү ыңгайлуу деген суроолордун тегергинде орун алууда.

Мамлекет башчы Курманбек Бакиев буга чейин сүйлөгөн сөзүндө өлкөнү күчтүү президент, күчтүү парламенти бар саясий системагы өткөрүү керек деген оюн билдирип, президентке кандай ыйгарым укуктар берилиш керектигин коомчулукка так айткан эмес. Өз мезгилинде өкмөт башчы Феликс Кулов негиздеген «Ар-намыс» партиясы мамлекет башчыны жогорудагыдай сунушуна макул эмес. Партия төрагасы Эмил Алиев өлкөдө бийликтин үч бутагы так бөлүштүрүлүп, аткаруу бийлигин өкмөт башчы жетектесин деген пикирде:

- Бийликтин үч бутагынын ыйгарым укуктары тең бөлүнүш керек. Ал эми президент алардын гаранты болуш керек. Аткаруу бийлигинин жетекчиси өкмөт башчы болуп, президент көзөмөлдөөчү орган болуп калышы зарыл.

Ал эми Кеңешменин курамындагы Коммунистер партиясынын өкүлү Орозбек Дүйшөев өлкөнү президенттик-парламенттик башкарууга өткөрүүнү колдойт:

- Азырынча президенттик-парламенттик башкаруу болсо туура болот. Бүгүнкү күндө парламенттикке өтүү эрте.

Ошентип, Конституциялык кеңешме мүчөлөрү жогорудагыдай оручундуу маселер боюнча бирдиктүү бир пикирге келише элек. Мындай маселер Кеңешменин айрым мүчөлөрүнүн 2-ноябрдагы жыйынында каралып, 5-ноябрда өткөрүлө турган жыйынында талкуулана турган болду.

XS
SM
MD
LG