Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

КИРКУК ШААРЫНДАГЫ ЖАН КЕЧТИ 13 ЖАШТАГЫ ӨСПҮРҮМ БОЛУП ЧЫКТЫ


Ирактан түшкөн айрым кабарларга ылайык, кечээ Киркук шаарында болгон жардырууну 13 жаштагы өспүрүм ишке ашырган. Жашы жете элек балдарды куралдуу жаңжалдарда колдонуу учурлары көп эле жолугат. Бирок Ирак согушунда буга чейин өспүрүм жан кечтилер болгон эмес.

Азырынча Киркук шаарынан так маалыматтар түшө элек. Айрым кабарларга ылайык, 13 жаштагы өспүрүм шаардын полиция башчысы Хаттаб Абдулла отурган машинанын жанына барып, белине байланган бомбаны жардырып жиберген. Абдулла кол салуудан аман калды. Эгер бул маалымат чын болуп чыкса, Иракта өспүрүм жан кечтилер пайда боло баштады десек болот.

- Согуш созулган сайын козголоңчу күчтөргө жашы жете элек балдар көбүрөөк тартыла баштайт. Жан кечти балдар жөнүндө буга чейин уккан эмесмин, бирок муну 100 пайыз айта албайм, - дейт Хьюман Райтс уоч уюмунун Балдардын укуктары бөлүмүнүн директору Жо Бэкер.

Бирок ар кандай согуштук аракеттерге балдар дайыма активдүү катышып келген, - деп сөзүн улантат Бэкер. Маселен, Вьетнам, Иран-Ирак уруштарын алсак болот. Африкадагы согуштарга болсо өспүрүмдөр чоңдор менен катар армияга кадимкидей алынып жүрөт. Палестина менен Израилдин жаңжалында жан кечти балдар жөнүндө көп эле укса болот.

Өмүрүн тобокелге салып, курал кармоого, өз жанын өзү кыйууга балдарды эмне түртөт?

Ар кайсы жерде анын ар кандай себептери болушу ыктымал. Маселен, зордук-зомбулукка баткан африкалык айрым өлкөлөрдө балдардын согушка баруудан башка аргасы жок болот. Кээде аларды түздөн түз коркутуп-үркүтүшөт.

- Кимдир бирөөдөн жапа чегип келатканына күбө болгон балдарда куралдуу кармашка катышуу ниети пайда болот. Кээ бир учурларда, маселен, Палестинанын аймагында, өспүрүмдөр мындай оор турмуштан тажап, жан кечтилердин катарларын толуктап келишет, - дейт Бэкер.

Хьюман Райтстын санактарына караганда, акыркы бир нече жылдын ичинде 18 жашка чыга элек өспүрүмдөрдөн ону өздөрүн-өздөрү жардырышкан. Бэкер балдар улуулардын айткандарына толук ишенишет, андыктан командирлер өспүрүмдөр салгылашууларга канчалык катышкысы келбесин, алардын өмүрлөрүн тобокелге салбашы керек, деп ырастайт.

XS
SM
MD
LG