Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

КАЧКАН АДАМ КҮРӨШӨ АЛБАЙТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 2-ноябрда Пакистандын жараны Мухтар Май айымга АКШнын "Гламур" журналы "жылдын айымы" деген сыйлыкты тапшырмакчы. Мындай сыйлыкка Май өз ар-намысы менен жарандык укугун коргоодо көрсөткөн эр жүрөктүүлүгү менен чечкиндүүлүгү, түркөй каада-салттарга каршы тайманбастан баш көтөргөндүгү үчүн татыктуу болуп олтурат.

Майдын кайгылуу окуясы мындан үч жыл мурда анын бир тууган иниси таасирдүү уруунун кызы менен сүйлөшкөндөн башталган. Эки жаштын сүйлөшүп жүрүшкөнүн билип калышкан кыздын бир туугандары айылдын аксакалдарына жигиттин үстүнөн биздин ар-намысыбызга шек келтирди, деп арызданышкан. Аксакалдар кеңеши ал үчүн жигитти эмес, анын бир тууган эжеси, Майды жазалоону чечип, "ар-намысына шек келген уруунун эркектерине Майды зордуктап, кордоого уруксаат беришкен экен.

Мындай кордоого кыз-келиндер адатта чыдабай, бул дүйнө менен өз каалоосу менен кош айтышчу. Бирок Май айылдаштары менен бир туугандарынын алдында кордолгон ар-намысын коргоону чечет. Андай тайманбас аракеттерге кантип жараганын Май мындайча чечмелейт:

- Мага Алла күч берди, бүткүл дүйнө мен тарапта болду. Мен Алла адилеттүү болооруна, менин мөөрөйүм колума тийеерине үмүттөнөм.

Бирок кордук көрсөткөн адамдарды адилет жазага тартуу процесси Май үчүн оңой болгон жок. Кордоочулар камакка алынган, акталып, кайра эркиндикке чыккан учурлар баштан өттү. Акыр-аягы соттун чечими менен Майга анын ар-намысын кордогон кишилер кенемте акча төлөп бермек болушкан. Азыр Май маселени кайрадан териштирүүгө алган Пакистан Жогорку сотунун акыркы чечимин күтүп жатат.

Мухтар Майдын АКШга жасап жаткан сапары анын чет өлкөгө биринчи жолу чыгышы. Сыйлыкты тапшыраардан мурда "Гламур" журналынын өкүлү Мег Дееинчеко Май "Жылдын айымы" деген сыйлыкка эр жүрөктүүлүгү менен оптимисттик позициясы үчүн татыктуу болгондугун баяндады:

- Ал Пакистан өкмөтүнөн сыйлык алганда өзү жашаган шаарда калып, мектеп ачкан. Май келечекке ишенимдүү караганда инсан, ал эркектерден кордук көрүп, токмок жеп, жардам сурап келген жүздөгөн аялдарга көмөктөшөт. Биз Май айымды дүйнөдөгү феминизмдин болочогу деп эсептейбиз.

Май өз укугун коргогонго жарады. Бирок Америкада кайда барса сый- урматка ээ болуп жаткан бул аялга өз өлкөсүндө ар дайым эле түшүнүү менен мамиле кылышпайт. Анын Америкага барууга уруксат алуусу эле канчага созулду. Пакистандын президенти Первез Мушарраф Майга өлкөдөн чыгууга уруксат берилбегенин өлкөнүн чет элдеги абройун сактап калуу аракети менен түшүндүргөн. Акыры сентябрь айында андай уруксат берилген соң президент "зордуктоону кээ бир аялдар акча таап, чет өлкөгө кетүүнүн амалы кылып алышты", - деп айтып чыккан.

Бирок ушуга карабастан Май мекенине кайтып, аялдардын укуктарын коргоо ишин улантууга ниеттенип жатат. Качкан адам күрөшө албайт, дейт ал.

XS
SM
MD
LG