Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:22

КУБА АРАЛЫНДА АКШ ТАРАБЫНАН АБАК УЮШТУРУЛГАНЫ СЫНГА АЛЫНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Террорчулуктан күнөөлөнүп жана АКШ жетекчилиги тарабынан колго түшүрүлгөн адамдар кармалган бир белгилүү абак - Куба аралындагы америкалык Гуантанамо аскерий базасы экени белгилүү. Жана адам укуктарын коргогон уюмдар анда туткундардын кармалышын такай сындап келет.

Төрт жылга уланган сүйлөшүүдөн кийин, АКШ жетекчилиги 27-октябрда Бириккен Улуттардын Адам укуктар башкармалыгынын эксперттерине Гуантанамого келүүгө уруксат берди. Туткундардын абалы менен үч эксперт таанышмак, бирок АКШ өкмөтү койгон шарт боюнча, алар туткундар менен жекеме-жеке сүйлөшө албайт жана алар менен - америкалык башкаруучулуктун өкүлдөрүнүн коштоосунда гана жолуга алат. Коргоо министри Доналд Рамсфелддин айтымында, мындай чечимди министрлик эмес, өкмөт кабыл алды:

- Бул чечимди Пентагон эмес, өкмөт кабыл алды, ал база канчалык ачык болушу мүмкүн экени, кайсы жана канча уюм ага келе алаары - саясий маселе.

Көпкө уланган сүйлөшүүдөн кийин туткундар менен мурда Эл аралык кызыл чырым уюму да жолугууга уруксат алган, бирок америкалык өкмөт алар тарабынан даярдалган отчетту ачык жарыялоого тыюу салган. Анын себебин жана Бириккен Улуттардын эксперттерине андай уруксат берилбей жатканын АКШ өкмөтү коопсуздук маселеси менен түшүндүрүүдө. Базага барууга камданган эксперттердин бири Манфред Новактын айтымында, эгер туткундар менен интервью жүргүзүү мүмкүн болбосо, анда сапардын өзүнүн мааниси жокко чыгууда:

- Мындай шарттты биз кабыл ала албайбыз. Эгерде туткундар менен жекеме-жеке жолугуп, аларга суроо бере албасак, анда биздин миссиябыз маңызсыз болуп калат.

Ошол эле 1-ноябрда Пентагон жарыялаган маалыматка караганда, Гуантанамо базасында кармалган айрым туткундар ачкачылык жарыялаган жана бул каршылык аракет августтан бери уланууда. Анткен менен министрликтин айтымында, азыр ачкачылыкты 27 гана адам кармоодо, көз карандысыз укук коргоочулардын маалыматы боюнча болсо, ачкачылыкка базада кармалган 500 адамдын эки жүздөн ашыгы кошулган.

Министр Рамсфелдке ал тууралуу суроо берилгенде, бул маселеге ал көп кызыкпаганын билдирди, анын айтымында, аз сандагы туткундар гана бир нече күнгө гана ачкачылыкта болгон.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Гуантанамо базасында абак уюштурулганын көптөн бери сынга алып келет. Туткундар террорчулуктан күнөөлөнүп, дүйнөнүн ар башка мамлекеттеринде колго түшкөндөр жана базада төрт-беш жылдан бери кармалганы менен, аларга расми күнөө коюла элек. АКШ аймагында күчү бар эл аралык келишимдерди аларга карата аткарбаш үчүн, туткундар атайылап Куба аралындагы аскерий базада кармалууда.

XS
SM
MD
LG