Линктер

дүйшөмбү, 19-август, 2019 Бишкек убактысы 16:16

ДЕҢИЗГЕ ЧЫГУУНУН ЖАКЫН ЖОЛУ


3-ноябрда Бишкекте Борбор жана Түштүк Азия ишкер чөйрөлөрүнүн «тегерек үстөл» жыйыны ишин баштады. Ага Ооганстан, Пакистан, Азербайжан, Борбор Азия, Кытай, Монголия, Орусиядан өкүлдөр катышууда. Жыйында Борбор Азия өлкөлөрүнүн деңиз жолуна чыгышы, чөлкөмдүн дүйнөлүк соодага катышуусуна шарт түзүү, кургак жердин кыйла бөлүгүн ээлеген Борбор, Түштүк Азиянын экономикалык өнүгүш жолдору талкууланмакчы.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн деңиз жолунан ыраактыгы, ички базарынын кичинелиги, ичара сооданын жакшы өнүкпөй жатышы жалпыга белгилүү чындык. Андан да бу эгемен өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүш ыраатынын аркылдыгы, саясий реформалардын кечеңдеп жатышы толгон-токой проблемаларды алып чыкты.

Бишкектеги ишкерлер ассоциациясынын мүчөсү Эмил Үмөталиевдин айтымында, ишкерлер, карапайым калк чөлкөм кызыкчылыгы, жалпы максат-мүдөө бардыгын аңдап-түшүнгөнү менен экономикалык биримдикке авторитардык режим жол бербейт:

- Бул саясий ал-ахывал. Эгерде бул жерлердеги авторитардык системалар өздөрүнүн кызыкчылыгын сактай берсе буга эч качан жол беришпейт. Анткени алар түшүнөт, мындай эларалык карым-катыш, соода алардын авторитардык режимине коркунуч көрсөтөт.

Улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын жооптуу кызматкери Войцех Хабнер Борбор Азияда өндүрүлгөн товарлардын дүйнөлүк базарга чыгышына мүмкүнчүлүк түзүү, «жол ачып берүү» үчүн ириде бул жерде бирдиктүү экономикалык мейкин болуусу керек деген пикирде:

- Жол ачып коюу – «жашыл коридор» керек деп ойлойм. Бирок муну менен эле иш бүтпөйт. Эртеби-кечпи, бул жерде жолду ачып коюудан мурда саясий, андан да экономикалык биримдик, мейкиндик түзүп алуу керек. Коридор деле жакшы, анда бажы, чек ара тоскоолу, дагы башка маселелердин көбү чечилет. Бирок да ал жетишсиз.

Монголиянын улуттук өнөр-жай-соода палатасынын жетекчиси Энэбиш Оюунтэгштин пикири боюнча, батышы Азербайжандан, чыгышы Монголияга чейин созулган өлкөлөрдүн жакын деңиз жолуна чыгышына коридор – жол ачылат.

- Биз бүгүн мына ушул коридор, Улуу Жибек жолун жаңылоо туурасында сүйлөштүк. Жибек жолу байыртадан Азияны Европа менен байланыштырып, Борбор Азия аркылуу өткөн. Борбор Азия чөлкөмүндөгү экономикалык кызматташтыкка кирген өлкөлөрдө жалпы шарттар болушу керек.

Кыргызстандын Жумуш берүүчүлөр конфедерациясынын жетекчи орунбасары Владимир Бородавкиндин ырасташынча, түндүктөн – түштүккө, батыштан – чыгышка созулган аймактын потенциалы акыл менен пайдаланылса, анын убайын 3 миллиард калк көрөт.

- 3 миллиард калкы бар 8 өлкө, түндүк деңизинен – түштүк деңизине чейин созулган аймакты ойлогондо аптыга түшөрүң бышык. Бул ишкерлерге түгөнбөгөн базар. Баарынан маанилүүсү, Кыргызстан бул иштин борборунда турганы.

Кыргызстандын Бизнес ассоциациялар конгрессинин жетекчиси Темирбек Шабданалиев да Азия өнүгүү банкы демилге көтөрүп аткан иштен Кыргызстан чоң пайда көрө тургандыгын айтты:

- Бүгүнкү каралып аткан максаттар андан да жогору, андан да көлөмдүү, ар тармактуу болуп жатат. Ошондон ал Кыргызстан үчүн өтө керектүү нерсе. Себеби биз мурун Советтер Союзунун бир чети, токтолгон жери болуп келсек, эми азыр Борбор жана Түштүк Азиянын ортосунда турабыз. Биз транзиттик өлкөгө айланып, кошуналарлдын кызыкчылыгы биз аркылуу өтүп, андан биз пайда ала турган болуп турабыз. Эми эң чоң максат, ишкерлерди уюштуруп, ушул жыйында туруктуу иштей турган бир орган түзүп алсак, бул келечекте эң чоң жетишкендик болот.

Борбор жана Түштүк Азия ишкерлеринин биринчи ирет өтүп жаткан жыйыны 4-ноябрда улантылат.
XS
SM
MD
LG