Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:49

АЗЕРБАЙЖАН ШАЙЛОО АЛДЫНДА


6-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого аз күн калганда Азербайжанга эл аралык байкоочулар биринин артынан бири барып жаткан кез. Алар шайлоо ачык жана калыс өтүшүнө көз салышат. Ал тапта Азербайжандык оппозициячыл кыймылдар 2003-жылы талаш-тартыштуу жагдайда президент болуп шайланган Илхам Алиевди катуу сынга алып, ал чөнтөк парламентке ээ болууга умтулуп жатканын билдирүүдө.

Соңку апталарда Азербайжанда мамлекеттик төңкөрүш даярдаган деп айыпталып, 15 чакты өкмөт мүчөлөрү жана башка ырасмий адамдар камакка алынды. Андан улам өлкө саясий темадагы ушак-айың, уламыш-кептердин торунда жашап жаткан кез. Ал тапта президент Илхам Алиевдин бийлиги тушундагы алгачкы шайлоо да кирип келди.

Азербайжандык оппозициячылардын бийликтин куугунтугу жөнүндөгү бүтпөгөн арыздануулары эл аралык байкоочулар тарабынан ырастала баштаган соң, президент Илхам Алиев өткөн аптада добуш берүү маалындагы бурмалоону азайтыш үчүн башбармакка мөөр басуу жөнүндөгү жардыкка кол койду.

АКШнын Бакудагы элчиси Рино Харниш бул жардыкты кубаттап, бирок эл андан да чечкиндүү чараларды күтүп жатканына көңүл бурду:

- Эгерде жардыкта айтылгандар ошол бойдон ишке ашса, буга чейинки тынчсыздануулардын бир тобу жайланышы мүмкүн. Дагы эле жер-жерлерден оппозициячыл талапкерлерге, алардын туугандарына кысым көрсөтүлүп жатканы туурасында кабарлар келип түшүүдө. Мындай көрүнүштөр токтотулушу керек.

Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Натик Мамедов баары жайында, эч кандай кыйынчылыктар болгон жок деп белгилейт:

- Менимче, шайлоону ойдогудай өткөрүүгө бардык даярдыктар көрүлдү. Бардыгы 11-майда жарыяланган президенттин жардыгына ылайык, мыйзам чегинде жүрүп жатат.

Хюман Райтс Уотч уюмунун Түштүк Кавказдагы өкүлү Матильда Богнер Аөербайжандагы шайлоо кампаниясына башынан байкоо салып келатат:

- Биз көз карандысыз талапкерлерди куугуктуктоо, камакка алуу, уруп-сабоого байланыштуу көптөгөн фактыларды чогулттук. Өлкө боюнча куугуктук күч алып турган ушундай шарттарда шайлоо алдындагы абал ачык жана калыс деп айтууга ооз барбайт.

Өкмөт оппозицияны эл колдобойт деген пикирин кайталоодо, бирок ушул аптада Бакунун түндүк тарабындагы кичинекей кыштакта эле “Ени Мусават” гезитинин редактору Рауф Арифоглунун айткандарын угууга заматта 400-500дөй адам чогулганы башкадан кабар берет. Арифоглу элдин арасында оппозициячыларды катуу сындагандар да болгонун моюнга алат. Элдин көбү мунайга бай Азербайжанда өкмөт калктын жашоосун жакшырта албай жатканына нааразы экенин айтышат. Бирок андай нааразычылыктар Кыргызстан, Украина, Грузиядагыдай жалпы элдик козголоң деңгээлине жетелек, дешет байкоочулар.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG