Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

ОШТОГУ ОРОЗО АЙТ


Кубанычбек Жолдошев, Ош 3-ноябрь күнү эртең менен Кыргызстандын экинчи борбору эсептелинген Ош шаарынын борбордук аянтында да мусулмандар орозо айт намазына жыгылышты. Айт намазына келишкен адамдардын көпчүлүгү саясий-административдик мааниге ээ болгон борбордук аянтта намаздын окулушун коомдогу ынтымак, ырашкердиктин жана бейпилчиликтин чакырыгы катары кабыл алышты.

Жергиликтүү талдоочулардын баамында, Ош шаарынын борбордук аянтына болжол менен 5 миңге жакын мусулмандар айт намазын окуу үчүн чогулушту. Намаз башталганга чейин өлкөнүн бейпилдигине, биримдигине, ынтымакка жана ыйманга чакырган маселелер айтылды.

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Рахматулла ажы Касымов борбордук аянттын өзүндө алгач жолу айт намазынын окулуп жатышынын маанисине мындайча токтолуп өттү:

- Көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндө айт намазы борбордук аянттарда окулат. Борбордук аянтта айт намазынын окулушу ар кандай саясий мүнөздөгү митинг, пикеттерге караганда алда канча коомубузга пайдалуурак деп ойлоймун. Облустун жана шаардын мурдагы жетекчилери мурун айт намазынын аянтта окулушуна каршы болгон учурлары да болгон. Бул жылы бийликтер уруксат берип, коопсуздук чараларын камсыз кылып бериши албетте кубандырат.

Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыков орозо айт, курман айт майрамдары мамлекет тарабынан белгиленген соң, саясий-административдик мааниси бар аянтта айт намазынын окулушу мыйзам ченемдүү көрүнүш деген оюн ортого салды:

- Конституцияда жазылган, дин мамлекеттен ажыратылган деп. Бирок бул элдик майрам болгондуктан айт майрамы биздин мыйзамдар боюнча мамлекеттик майрам деп эсептелет. Борбордук аянтта намаз окуганыбыз эң туура.

Ал эми Ош шаарынын мэри Жумадыл Исаков мурдагы бийлик өкүлдөрү борбордук аянттын өзүндө айт намазын окууга уруксат бербей келишкендигинин себептери белгисиз бойдон калгандыгын айтып өттү:

- Буга чейин деле окулуп келген, бирок борбордук аянтта эмес, аянттын ары жагында. Кандай айырмасы бар. Ошондуктан быйыл жалпы Кыргызстандын, Ош шаарынын мусулмандары үчүн борбордук аянтта улуу орозо айт майрамында чогуу айт намазын окуп, Кудайдан элибизге, журтубузга бейпилдик, тынчтык тилегенибиз эң туура.

Шаар тургуну Алишер Токсонбаев борбордук аянтта окулган айт намазынан алган таасирлери боюнча мындайча ой бөлүштү:

- Саясий-административдик аянтта намаз окулушу бир чети туура . Себеби биз мусулман мамлекетибиз. Бул жагынан караганда, адамкерчилик чегинде кадам жасалды. Ал эми намаз башталганча бир топ осуят, насааттар айтылды, бирок ошонун ичинде губернаторго, мэрге ак жол тилеп, ошолордун өмүрүн тилеген намазды саясатка аралаштырып ийгени менимче туура эмес болуп калды. Мен муну кошоматчылык катары эсептейм.
XS
SM
MD
LG