Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:45

ЭЛЧИ АПАС ЖУМАГУЛОВ МОСКВАДА МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНЫН ӨТКӨРДҮ


Төрөкул Дооров, Москва 3-ноябрда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Апас Жумагулов Москвада «Аргументы и факты» басылмасында маалымат жыйынын өткөрдү. Элчи орусиялык журналисттерге Кыргызстандагы азыркы коомдук-саясий кырдаал жөнүндө маалымат берди.

Элчи Апас Жумагулов сөзүн “Кыргызстанда бийлик тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу гана абалды нормалдаштырууга аракет кылат”, - деп баштады. Орусиялык журналисттер акыркы күндөрү Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү окуялар жана алардын жаралышына себеп болгон жагдайларга кызыгышты.

Элчинин пикиринде, түрмөлөрдө кагылышуулардын болушуна акыркы бир канча жылдардан бери колониялардагы абалдын кескин начарлап кеткендиги себеп болгон. Андан сырткары, түрмөлөргө көзөмөлдүн бир ведомстводон экинчисине жылдырылышы, депутаттардын киши колдуу болуп өлүшү себеп болгон болушу мүмкүн.

Жалпысынан Апас Жумагулов кыргыз бийлиги учурда кырдаалды турукташтырууга бар күчүн үрөп жатканын белгиледи. Ал эми ушул жылы көтөрүлө баштаган кыргыз-орус кош атуулдугу боюнча маселе тууралуу элчинин жообу мындайча болду:

- Бул маселени биз азыр көтөрүп жатабыз, бирок ал Орусия тараптан чечилбей турган маселелердин бири болуп калып жатат. Ошентсе да, Кыргызстанда өлкөнүн Баш мыйзамына бул жаатта өзгөртүү киргизилет. Анда «Биздин атуулдар кайсыл мамлекетте болбосун, өзгөчө Орусияда, экинчи атуулдукту да алса болот» деген өзгөртүү киргизилет.

Ал эми Кыргызстан менен Орусия ортосундагы экономикалык кызматаштыкка кайрылып, элчи бул жаатта аракеттер натыйжа бере баштаганын, жакынкы мезгилдерде ири долбоорлор ишке кирээрин кабарлады.

- Азыр Кызылкыяда цемент заводун салып жатабыз. Жалал-Абад, Баткен, Ош – мына ушул үч облуста бир да цемент заводу жок. Цемент бул жакка Канттан келет. Болгондо да Кантта чыгарылып жаткан цементтин 60 пайызы биздин келишимдер боюнча башка жумурияттарга жиберилет. Ошондо калган 40 пайызы айланадагы айыл-кыштактарга жетеби же калган үч облуска жетеби? Бул - аябай татаал маселе. Азыр эми, буюрса, ал чечилип эле калды. Жакында, 1 же 1,5 жылда Кызылкыяда жаңы цемент заводу ишке кирип калат. Бул, чынында, биздин Москвадагы элчиликтин демилгеси менен көтөрүлүп, кредит табылып жасалып жаткан иш. Андан сырткары, Жалалабаттагы алтын чыккан жерлерде ишти күчтөндүрүүгө да инвестиция табылды. Ушул тапта орусиялык бир банк жана Орусиянын Улуттук илимдер Академиясынын институттары менен иштешип жатабыз. Алар ошол алтын чыккан жерлердеги абалды изилдеп жатышат.

Апас Жумагулов Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев тууралуу да суроолорго мындайча жооп узатты:

- Аскар Акаев менен байланышыбыз жок. Бирок эгер кандайдыр бир маселе чыгып калса, сүйлөшүп, чечкенге даярбыз. Биздин маалымат боюнча, ал университетте сабак берет. Ага жакшы шарттар түзүлүп берилгенин билебиз.

XS
SM
MD
LG