Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

АКШ ТУТКУН ТЕРРОРЧУЛАРДЫ ТЫШ ӨЛКӨЛӨРДӨ КАРМАЙБЫ?


Кошмо Штаттары террорчулар деп шектелген адамдарды кармоо үчүн глобалдык түрмө системасын түзгөн деген маалыматты ырасмий Вашингтон байкамаксан болуп, эч кандай түшүндүрмө бере элек. “Washington Post” гезити 2-ноябрдагы санында бул системага Тайланд, Ооганстан, Чыгыш Европа болуп, сегиз өлкөдөгү абак жай киргенин жазган эле. Бул маалымат АКШ өкмөтүнүн Ирак жана Ооганстанда туткунга алынган адамдарга болгон катаал мамилесине катуу сын пикирлер айтылып жаткан тушта жарыяланды.

“Washington Post” гезитинин маалымдашынча, Вашингтон түрмөлөрдүн глобалдык системасын төрт жыл мурда Кошмо Штаттарга жасалган террордук чабуулдардан кийин түзгөн. Шаршемби күнү “Washington Post” гезити бул кабарды жазгандан бери АКШ өкмөтүнүн өкүлдөрү эч кандай түшүндүрмө бербеди. Маалымат четке кагылбады, тастыкталбады да.

Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Стефан Хадлей гана 2-ноябрда өткөн брифингде Борбордук чалгындоо кызматы - ЦРУнун операциялары жөнүндө ачык сөз кылынбасын, АКШ чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүн мыйзамдарга ылайык өткөрө турганын билдирди:

- Биз өлкөнү террорчулардын чабуулдарынан коргоодо жана террорго каршы согушта жеңишке жетүү үчүн, президент Буш даана айткандай, өз баалуулуктарыбызга жараша иш жүргүзөбүз. Ал ошон үчүн, АКШ уруп-сабоону колдонбосун ачык айткан. Кошмо Штаттары өз ишмердүүлүгүн мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык жүргүзөт.

Тыш өлкөлөрдөгү жашыруун абак жайлар ЦРУнун туткун “ал-Каидачылар” менен өтө коркунучтуу террорчуларды АКШнын мыйзамый чектөөлөрү жок кармап суроо үчүн ачылган деп боолгонууда.

Адам укугун коргоочу эл аралык Хьюман Райтс Уоч уюмунун талдоочусу Марк Гарласко “Вашингтон Посттун” жазганы чын болсо, ага таң калуунун кереги жок дейт:

- ЦРУда адамдарды ар жакка ташыганга учактары бар. Алар туткундарды Ооганстандан дүйнөнүн түрдүү бөлүктөрү аркылуу ташыганга пайдаланылат. Мисалы, учактардын эн белгилерине карай, биз алардын Виржиниянын Лэнгли базасынан учуп чыгып, Европада май куюп алып, туткундарды алуу үчүн Ооганстанга барганын, андан соң Жакынкы Чыгышка каалайбы же Чыгыш Европагабы, айтор зарыл жерге учуп барганын байкай алабыз.

Гезиттин ырасташынча, берегидей жайларга ар кайсы мезгилде террорчу деп шектелген 100гө жакын адам жөнөтүлгөн. Алардын так жайы, андагы суракка алуунун ыкмасы, кармоо мөөнөтү тууралуу чечимди ким алаары беймаалым.

Ирактын Абу Грейб түрмөсүндөгү кордоп-маскаралоолор ашкере болгондон бери, АКШнын сырт жактардагы абактарында отурган адамдарга болгон мамиле курч сынга алынууда. Оппозициячыл саясатчылар да маселени кайра-кайра козгошууда.

Американын чалгындоо кызматы тууралуу бир нече китеп жазган Жэймс Бэмфорд чындап эле тыш өлкөдө жашыруун түрмөлөр болсо, бул АКШнын душмандарынын чырагына май тамызат деп санайт:

- Биз мүмкүн болгон ар бир амалды колдонгубуз келсе, биз өзүбүз сындаган адамдардан жакшы эмес экенибизди билишибиз абзел. Биз Осама бин Ладендин адамдары түпкүлүгүндө эмне каалаганын билишибиз керек. Имаратты жардырып жок кылуу бир иш. Бүтүндөй коомду өзгөртүп, Кошмо Штаттарды жек көрүндү кылуу өтө чоң ийгилик.

“Вашингтон Посттун” кабарынан кийин Тайланд, Орусия, Румыния жана Болгария өз жерлеринде АКШнын жашыруун абак жайлары жок экенин билдиришти. Чехиянын ички иштер министри Франтишек Бублан болсо, өткөн айда Вашингтондун берегидей сунушуна макул болбогонун маалымдады.

XS
SM
MD
LG