Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

ИШКЕРЛЕР ЖЫЙЫНЫ ӨТҮҮДӨ


4-ноябрда Борбор жана Түштүк Азия ишкерлеринин жыйыны өз ишин улантты. Эки күнгө созулган иш-чаранын жыйынтыгында транспорт, энергетика, соода маселелери боюнча ишкерлер жалпы сунуштарын Борбор Азия чөлкөмүндөгү экономикалык кызматташтыкка кирген өлкөлөрдүн министрлер жыйынына сунуш кылат.

Борбор жана Түштүк Азиянын экономикалык алака-катыштарынын анчалык жанданбай келишине мурда советтик социалисттик система жолтоо кылып келсе, эгемендиктин тушунда толгон-токой бажы тоскоолдору, транспорт проблемасы сындуу нака техникалык маселелер калкып чыкты. Түштүк Азия өлкөлөрү ушу тапта ыкчам өнүгүү жолуна түшүп, экономикалык карым-катышын түндүктөгү коңшулары менен чыңдоого өттү. Кыргызстандын инвестициялык «тегерек үстөл» коомдук бирикмесинин жетекчиси Жоомарт Оторбаевдин айтымында, 3 миллиард калк жашаган чоң аймак аркылуу дүйнөлүк соода жолуна чыгуудан Кыргызстан утуш гана алат.

- Түштүктү карасаң чоң Кытай, чоң Индия турат, 3 миллиард калк жашайт. Көрүп атабыз го, Кытайдан канча көп товар келип жатат. Азыркы бизнес форумда үч маселени карап жатабыз. Энергетика, транспорт жана соода. Үчөө тең бизге аябай керектүү. Себеби биздин энергияны сатканга мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Транспорт бизге аябай керек. Себеби биз деңизге чыгышыбыз зарыл. Анан соода. Биздин элдин көбү соода менен жашап жатат. Биздин элибизге, биздин мамлекетибизге, биздин жеке секторго ушул конференция аябай актуалдуу.

Деңиз жолу аркылуу дүйнөлүк соода базарына чыгуунун пайдасын жалгыз эле Кыргызстан эмес, постсоветтик Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн текши баары көрөт дейт Улуттар Уюмунун Европалык экономикалык комиссиясынын бөлүм башчысы Андрей Васильев.

- Бул жерде гидроэнергетикалык кубаттуу өлкөлөр, айыл чарбасы алдыга чыккан мамлекеттер бар. Биздин оюбузча, мындай маселени жалгыз-жарымдап чечүү кыйын. Субрегионалдык кызматташуу аркылуу айрым тармактарга жумшалып аткан ири чыгашаларды кыйла азайтууга болор эле. Постсоветтик Борбор Азия мамлекеттеринин баары деңиз жолунан ыраак жайгашкан. Түштүк деңиз жолуна чыгуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн эларалык соодага аралашуусуна, экспорттук потенциалын көтөрүүгө жана башка маселелерин чечүүгө чоң көмөк көрсөтмөкчү. Бул маселе өзү татаал, саясий татаалдыктары бар, көп маселелерди чечүү керек. Антсе да кийинки кездери проблеманы чечүү боюнча прогресс байкалууда, Ооганстандагы жагдайдын жайына келе башташы кыйла оптимисттик маанай тартуулайт.

Түштүк Азия менен Борбор Азиянын ортосундагы экономикалык карым-катышты жакшыртуунун бир амалын ушу тапта Казакстан жасоодо. «Компас» инвестициялык компаниясынын президенти Алмас Чукиндин маалымдашынча, Казакстанда Кытайдан келчү кууш темир жолду салышууда.

- Албетте, бул жерде толгон-токой кыйынчылыктар турат. Менин билишимче, азыр Кытайдан келчү темир жолду улап, алардын стандартына ылайык жол салышууда. «Дружба» жолу менен Кытайдан келген жүк Казакcтан аркылуу Каспийге, Актау калаасына чейин ташылып өтөт. Андан ары Иран же Кавказ аркылуу жолду улап кетүүгө болот. Менимче, бул жүктүн ыкчам жеткирилишин камсыз кылат, Кытайдан келаткан жүк 10 күн эртерээк жерине жетет. Салтка айланып калган Индия океаны аркылуу кеме менен айланып жүк ташып келгенче кургак жер аркылуу кыйла ыкчам жеткирилет.

Ыкчам өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыгына багытталган Түштүк, Борбор Азия карым-катышынын бир бутагы Кыргызстан аркылуу, Кытайдын батышындагы Шиңжан-уйгур автоном району менен алака-катыш негизинен Кыргызстандын автожолдору, ошондой эле курулушу башталганы жаткан Анжиян- Кашкар темир жолу аркылуу жүрмөкчү. 50 миллион калк жашаган Кытайдын бул району кийинки жылдары ыкчам экономикалык өнүгүү жолуна түшүп, анын натыйжасын постсоветтик Борбор Азиянын жайма базарларын ээлеген буюм-тайымдар көрсөтүп турат.

Түштүк жана Борбор Азия ишкерлеринин жыйыны континенттин ыкчам өнүгүп бараткан өлкөлөрү менен жаңыдан өнүгүп бараткандарынын экөө тең бир эле максатты көздөй тургандыгын айгинеледи. Дүйнөлүк сооданын өктөм талабы менен ачылып жаткан андай мүмкүнчүлүктү эгемен өлкөлөр мунасага келип өз пайдасына чече алышар бекен? Демилгени ишке ашыруу үчүн толгон-токой тоскоолдуктарды жоюу зарыл.

XS
SM
MD
LG