Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

АМЕРИКАЛЫК ЖОГОРКУ КЫЗМАТКЕРГЕ РАСМИ КҮНӨӨ КОЮЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага 3-ноябрда АКШда вице-президент Дик Чейнинин мурдагы жардамчысы Люис Либбиге расми күнөө коюлду жана эми жакын арада сот башталышы мүмкүн. Либби менен анын адвокатынын айтымында, күнөө негизсиз жана Либби сөзсүз өз атын сотто актай алат.

Америка Кошмо Штаттары Иракка каршы согушту 2003-жылдын мартында баштаган, бирок батыш маалымат каражаттарында жарыяланган кабарларга караганда, согушка даярдыктар 2001-жылы эле көрүлө башталган. Согуш керек экенинин далили катары - Ирак өзүнүн өзөктүк курал өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн Африканын Нигер мамлекетинен уран сатып алууга аракеттенген деген маалыматтар колдонулган.

Ал тууралуу алгач Италиянын СИСМИ деп аталган чалгындоо кызматынын атынан жарыяланган кабар пайдаланылган. АКШнын өзүнүн айрым адистери андай маалыматты калп деп билдиргенине карабай, өкмөт 2003-жылдын январында Нигерге - бул өлкөдө мурда АКШнын элчиси болуп иштеген Жозеф Уилсонду жиберген. Ал өзүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, Ирак Нигерден уран сатып алууга даярданып жатат деген маалыматты жокко чыгарган жана ал тууралуу өкмөткө расми түрдө билдирген.

Ага карабастан, АКШ жетекчилиги согуш баштоого даярдыктарды баары бир уланткан жана дүйнө коомчулугуна - Ирак Нигер менен сүйлөшүү жүргүзүп, уран сатып алууга даярданууда деп айткан. Согуш башталгандан кийин Иракта өзөктүк куралдын издери табылган жок жана элчи Уилсон президент Жорж Бушту катуу сынга алып, Нигер маселеси тууралуу маалыматты коомчулукка ачык айткан.

Аны менен удаа малымат каражаттарында - Уилсондун жубайы Валери Плейм Уилсон Борбордук чалгындоо агенттигинин жашыруун кызматкери экени тууралуу да маалыматтар чыгып кеткен. Ал тууралуу жазган журналисттердин бири маалымат кимден алынганы тууралуу сотко айтуудан баш тарткандыктан, абакка да отуруп чыкты. Акырында болсо андай жашыруун маалыматты журналисттерге вице-президент Дик Чейнинин кеңсесинин башчысы Люис Либби берген деген сөздөр тарады, ал өзү болсо ал тууралуу маалыматтын барын четке кагууда, бирок 28-октябрда кызматынан чегинүүгө аргасыз болду.

4-ноябрда Либби сотко чакырылып, ага расми күнөө коюлду. Мурдагы жогорку кызматкер - жалган маалымат берген жана сотту сыйлаган эмес деп айыпталууда, анын адвокаты Тед Уэлстин айтымында болсо, Либби күнөөсүз:

- Либби бүткүл дүйнөгө - ал күнөөсүз экенин билдирет. Бирок биз бул маселени маалымат каражаттарында эмес, сотто караштырабыз жана Либби ак экенин сотто далилдейт. Биз андан башка маалымат бере албайбыз.

Бир топ америкалык эксперттин пикиринде, элчи Уилсондун жубайы тууралуу жашыруун маалыматты ачыкка чыгаруу менен жогорку жетекчилер андан өч алууга аракеттенген. Либби менен кошо президент Буштун жакын жардамчыларынын бири Карл Роувка каршы дагы сөздөр айтылууда.

XS
SM
MD
LG