Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

КЫРГЫЗСТАН АСКЕРДИК БАЗА БОЮНЧА СООДАЛАША БАШТАДЫБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстан Ганси атындагы аскердик база тууралуу жаңы макулдашуунун долбоорун даярдап, АКШ бийлигине сунуштап жатат. Анда база ээлеп турган жердин ижара акысы өңдүү чыгымдарды жогорулатуу жагы каралган. Байкоочулардын баамында, Өзбекстан бийлиги АКШдан аскердик базасын чыгарып кетүүнү талап кылгандан кийин ырасмий Вашингтон Кыргызстандын шарттары менен эсептешүүгө мажбур болот.

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачылыгынын кол башчысы Жон Абизейд келгенде президент Курманбек Бакиев жаңы макулдашууну тез арада карап чыгалы деди. Бул жолугушуу жабык эшик артында өткөндүктөн жаңы макулдашуунун мазмунун эки тарап ачык талкууладыбы же жокпу азырынча белгисиз. Бирок кыргыз бийлиги база үчүн көбүрөөк каражат сурап атканы дайын.

Президент Курамнбек Бакиев АКШ база үчүн пайдаланган жердин ар бир чарчы метри үчүн дүйнөлүк стандарт боюнча төлөшү керек, деген оюн журналисттерге 2-ноябрда айткан. Мамлекет башчынын айтымында, соңку жылдардагы инфляцияны жана кымбатчылыкты эске алганда бул келишим кайра каралууга тийиш.

Президент Курманбек Бакиев 2-ноябрда журналситтерге берген маалымат жыйынында үч жылдан бери турган аскердик базадан Кыргызстанга канча каражат түшкөндүгү тууралуу так маалымат жоктугун, АКШнын мурдагы элчиси Стивен Янг соңку жылда эле америкалык тарап бул база үчүн Кыргызстанга 150 миллион доллар төктү деп билдиргенин, бирок АКШ тарап айткан сандар Кыргызстандыкынан бир кыйла жогору болуп жатканын айткан.

Мынчалык чоң ажырым эмнеден улам болуп жатканын эки тараптуу комиссия аныктаганы калды. Ушул күндөрү Кыргызстанда АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү жүрөт. Азыр эң башкысы кыргыз тарап сунуш кылган жаң макулдашууну АКШ кабыл алабы же жокпу, кеп ушунда. Коргоо министри Исмаил Исаков Кыргызстандын элинин жашоо-турмушуна көбүрөөк пайда болсун деп, бул маселени көтөрүп жатабыз дейт.

Кыргызстан АКШдан ириде экологиялык зыяндар үчүн компенсация сураганы жатат. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Бакирдин Жолчиевдин айтымында, аскердик база боюнча жаңы долбоордо экологиялык чыгымдарга байланыштуу жоболор да камтылган. Жолчиев мырзанын айтымында, атмосфералык абаны камсыз кылуучу конвенциянын мүчөсү катары баары бир Кыргызстан зыян тартып жатат. Октябрь айында эле америкалык учактар абадан 80 тонна бензин чачып ийгени белгилүү.

Көпчүлүк байкоочулар Кыргызстан аскердик база үчүн татыктуу каражат сурашы керектигин айтышууда. Депутат Аскар Салымбековдун пикиринде, АКШ дүйнө жүзүнүн башка бурчтарындагы базалары үчүн оңбогондой акча төлөйт жана кыргыз тарапка да ошол деңгээлде төлөгөнү оң.

Орусиянын “Независимая” гезити жазып чыкканга караганда, АКШ Гренландияда жайгашкан Туле аскердик базасы үчүн 16 миллион доллар төлөйт. Бул Кыргызстанга төлөгөндөн болжол менен 2 жарым эсеге жогору.

Кыргызстан буга чейинки үч жыл ичинде бул базадан эмне пайда көргөнүн эч ким так айта албайт. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, экс-президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге караштуу “Аалам сервис” жоопкерчилиги чектелген коом жана оффшордук “Мерлисайл ЛЛС” компаниясы алты жыл аралыгында “Манас” аба майданында амеркиалык учактарды күйүүчү май менен камсыз кылып, жалпы суммасы 16 жарым млн. доллар же 678 млн. сомго жакын кирешени мамлекеттен жашырып, жаап койгондугу иликтөөдө анык болгон.

Ганси боюнча бардык финансылык маселени иликтей турган кыргыз тараптын комиссиясына эл аралык юрист Эдвард Либерман да кошулду. Бул юристти кыргыз бийлигиг экс-президенттин үй-бүлө мүлктөрүн иликтөөдө жалдаган. Коомчулукта кыргыз бийлигинин бул кадамын сындаган да пикирлер бар. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов андай болсо Орусияга да ушундай маселе коюш керек дейт. Депутаттын пикиринде, ошондо калыс саясат болот.

Ганси аскердик базасынын коомдук байланыш бөлүмүнүн жетекчиси, капитан Дэвид Мэйдин айтымында, 4-ноябрда АКШнын Коргоо минитсрлигинин өкүлдөрү кыргыз тарап менен жолугушту. “Жолугушуу маалымат алуу мүнөзүндө өттү, сүйлөшүүлөр баштала элек болгондуктан азыр бир нерсе айтыш кыйын” - дейт капитан Мэй.

XS
SM
MD
LG