Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

ЦРУнун ЕВРОПАДА ЖАШЫРУУН АБАК ЖАЙЛАРЫ БАР ЭКЕНИ ЫРАСТАЛАБЫ?


Кошмо Штаттардын Борбордук чалгындоо кызматы - ЦРУнун Чыгыш Европада “ал-Каидачы” деп шектелген адамдарды кармоочу жашыруун абак жайлары бар деген кабар Европа өлкөлөрүн ызы-чууга түшүрдү. Кээ бир өлкөлөр андай түрмөлөрдөн кабары жок экенин билдиришсе, Евробиримдик атайын иликтөө жүргүзмөк болууда. Адам укугун коргоочу уюмдар өздөрүндө болгон маалыматтарга таянып, Польша менен Румынияда АКШнын жашыруун кызматынын абакканалары бар экенин ырасташты.

Румыния менен Польша алардын жеринде ЦРУнун жашыруун абак жайы бар болушу ыктымал деген маалыматты жарыша жокко чыгарышты. Польшанын коргоо министринин өкүлү Лежек Лэжшак мындай дейт:

- Польша жергесиндеги аскерий жайларда - АКШ өкмөтү же башка америкалык уюмдар менен түзүлгөн келишимге ылайык - террорчулук аракети үчүн шектелип кармалган адамдар жок.

Береги кабарды Румыниянын жетекчилиги жапырт четке кагышты. Премьер-министр Чалин Попеску өлкөдө ЦРУнун түрмөсү жок деп маалымдады. Бул маалыматты өлкөнүн чалгындоо кызматы өкүлү Мариус Берчару да тастыктады:

- Румыниянын чалгындоо кызматында өлкөдө бул сындуу абак жай бар экенин тастыктаган маалымат жок.

Румыниянын коргоо министрлиги да “мындай абак жайдан кабарсыз” экенин билдирип, журналисттерди шектүү деген жайларды кыдырып көрүүгө чакырды.

Евробиримдиктин башка мүчөлөрү Латвия, Литва, Эстония да четке чыга беришти. Грузия менен Армения да аларда ЦРУнун террорчуларды кармоочу жайлары жок экенин кабарлашты.

Мажарстандын өкмөтү ырасмий билдирүүнү тийиштүү кызматтар менен масилээттешкенден кийин жасамак болууда. Чехиянын ички иштер министри Франтишек Бубландын айтымында, Чехия жана башка он мамлекет Гуантанамодо кармалып отурган террорчуларды кабыл алуу жөнүндөгү Вашингтондун суранычына макул болушпай койгон.

Чыгыш Европада ЦРУ террорчу деп шектелген адамдарды кармашы ыктымал деген кабар Евробиримдикке жакпады сыяктанат. Еврокомиссиянын юстиция жана ички иштер комиссарынын өкүлү Фрисо Роскам Эббинг эксперттер уюмга мүчө 25 өлкөдө тийиштүү иликтөөлөрдү жүргүзүшөт деп эскертти:

- Бизге эмне болуп жатканын жана кандай кеп жүрүп жатканын так билүү зарыл. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат билер замат, аларды жана Еврокомиссия зарыл таап, кабыл алчу иш чарлар жөнүндө сиздерге шыр келип, жаап-жашрыбай бөлүшөм деп сөз берем.

Эббингдин айтышынча, Евробиримдикке талапкер Румыния, Болгария, Хорватия жана Түркиядан маселе боюнча жооп берүү талап кылынат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Евробиримдиктен “талаштуу маселени” чогуу иликтейли деген сунуш түшпөгөнүн билдирди.

Бул учурда башкеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Хьюман Райтс Уоч уюму саясый жагдайды ого бетер курчутту. Эл аралык уюмдун директору Том Малиновский аларда болгон маалыматтарга таянып, ЦРУнун жашыруун абак жайлары Польша менен Румынияда жайгашкан, деп билдирди.

ЦРУнун тыш өлкөлөрдөгү сегиз жашыруун абак жайы жөнүндө шаршемби күнү биринчи болуп маалымдаган “Вашингтон Посттун” жазышынча, 2001-жылдын 11-сентябрындагы кыйракандан кийин түзүлгөн берегидей жерлерге террорчу деп шектелген 100дөй адам жөнөтүлгөн.

Гезиттин ырасташынча, Ооганстан менен Тайланддагы жашыруун абактар мурда жабылган. Бирок бул кабарды Тайланддын өкмөтү калпка чыгарды.

XS
SM
MD
LG