Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

ФРАНЦИЯДА ТОПОЛОҢ ТЫНЧЫБАЙ ЖАТАТ


Париждин чет жактарындагы тополоң тынчыбай жатат. Полициянын маалыматына караганда, Дижон шаарында бир нече машина өрттөлүп жиберди. Баш аламандык Франциянын түштүк жана батыш аймактарына да жайылып кетти.

Өрттөлгөн машиналар менен автобустар, талкаланган дүкөндөр, полиция менен жаштардын кагылышуулары... Францияда дагы бир түн тополоң менен коштолду. Орозо айтында албууттанган жаштардын көтөрүлүшү тынчыйт деген үмүт акталган жок. Тескерисинче, баш аламандык Париждин жака белиндеги райондордо гана эмес, өлкөнүн башка аймактарында да катталды.

Тополоң өткөн аптада, Clichy-sou-Bois шаарчасында жашаган келгин үй-бүлөлөрдөн чыккан эки жигит полициядан качып, электрстанцияга жашынабыз деп, ток уруп мерт кеткенден кийин башталган.

Бейшембиде Франциянын өкмөт башчысы Доминик де Вилпен коомдук тартипти теске салабыз деп билдирди:

- Биздин приоритетибиз коомдук тартипти калыбына келтирүү, себеби зомбулукту карап отура бербейбиз. Мен сүйлөшүүлөрдү баштоону караштырып жатам.

Азыркы окуялар премьер-министр менен анын 2007-жылкы президенттик шайлоодо негизги атаандашы боло турган ички иштер министри Никола Саркози ортосундагы айырмачылыктарды көргөздү.

Саркози жаңжалга май тамызып, беделин бир топ жоготуп алды. Министр тополоңдорго чейин эле Париждин чет жактарындагы зомбулукка айоосуз согуш жарыялап, ээликкен жаштарды жаман сөздөр менен атаган. Бейшембиде улуттук теледен сүйлөп Саркози тартип бузуулар кимдир бирөөлөр тарабынан жакшы уюштурулуп жатат деген пикирин ортого салды.

Де Вилпен болсо бул кризисте жарашуу турумун ээледи. Премьер тараптарды бири бирин урматтого чакырып, айдын соңуна чейин жакырчылыкка баткан райондор үчүн план иштелип чыгаарын убада кылды.
«Фарда» радиосунун кабарчысы Махмуд Хосейни Парижден билдиргендей, тополоң каптаган чөлкөмдөрдө полициянын саны көбөйтүлүп жатат:

- Жергиликтүү тургундар, алардын ичинде жаштардын ата-энелери, эмне үчүн биздин машиналарыбызды өрттөп жатышат дешүүдө. Кээ бир балабакчаларга өрт коюлду, мектептер талкалап-тонолду. Эл сыртка чыгып, ишке баруудан заарканып калды.

Бир топ байкоочулар азыркы кризис француз өкмөтүнүн иммигранттарды интеграциялоо ишиндеги каталарын, жумушсуздук, жакырчылык, кылмыштуулук менен өзгөчөлөнгөн Париждин жака белиндеги чөлкөмдөрдөгү социалдык-экономикалык проблемаларды чече албагандыгын айкын көргөздү, деп ырасташат.

Франциянын Мусулмандар кеңешинин төрагасы Далил Бубакөр ошол жерлерде турган элге жашоо үчүн татыктуу шарттар түзүлүп бериши керек деген пикирде.

XS
SM
MD
LG