Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

ОРУСИЯДА ЭЛ ЫНТЫМАГЫ ДЕГЕН ЖАҢЫ МАЙРАМ БЕЛГИЛЕНДИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда жаңы майрам – Эл ынтымагы күнү 4-ноябрда белгиленди. Жаңы майрамды өткөрүү мыйзамы былтыр кабыл алынган эле. 1612-жылы 4 ноябрда княз Дмитрий Пожарский менен земство старчини Кузьма Минин башында турган элдик ыктыярдуу жоокерлер Маскөөнү поляктык басып алуучулардан бошоткон. Ал окуя «дүрбөлөң жылдарды» акырына чыгарып Орусияда мамлекеттик түзүлүш орногон. Маскөөдө бүгүн митингдер өтүп, улутчул жаштардын көчөдө жүрүүсү болду. Ал эми Минин старчиндин сөөгү коюлган Нижний Новгороддо кечөө атайын барган Маскөөлүк жана бүтүндөй орусиялык патриарх Алексий Экинчи маркумдун арбагына дуба окуу каадасын өткөрдү.

Жума күнү Орусияда 2004-жылы мыйзамдуу түрдө бекиген Эл ынтымагы аталыштагы майрам биринчи жолу белгиленди. Анализчилер болжолунда, жаңы майрамды Кремль өлкөдө патриоттук маанайды арттыруу максатта уюштурган. Ал эми эл арасына сурамжылоо салгандар пикиринде, орусиялыктар советтик кездеги 7-ноябрды эстерине ала тургандыгы алдыга чыккан жана 4-ноябрь күнүн дегеле билбегендер арбын экени аныкталган.

Тарыхчылар айтканга караганда, 4 ноябрь нижегороддук дыйкандар старичини Козьма Минин менен княз Дмитрий Пожарский жетекчилиги астында уюшулган ыктыярдуу жоокерлер Маскөө бийлигин ээлеп алган поляктын-литвалык баскынчылыктан бошотконго 393 жыл толду дегенди билдирет экен. Ошол кезден тартып Орусияда мамлекеттүүлүк орнотуу башталган дешет.

Орусиялык саясатчылар менен коомдук ишкерлер жаңы майрам боюнча айткан ою ар башка. Кечээ Мининдин арбагына дуба окуганы атайын Нижний Новгородго барган Бүткүлорусия жана Маскөө боюнча партиарх Алексей экинчи майрам эл арасына ынтымак алып келет деди:

- Бул майрам биздин өлкөнүн руханий да, экономикалык да келечегин куруу үчүн кызмат кылат.

Ал эми тарыхчы Юрий Афанасьев “Новые известия” аркылуу жазаган билдирүүсүндө: “Бул майрам коомчулукту ынтымакка чакырары күмөн санатат. Ага кошумча ал, орусиялык-поляктык алаканы ырбатат жана таптакыр анын ыдырап кетишине алып келет”, - дейт.

4-ноябрда Маскөөдө эки миңдей оңчул жаштардын көчөдө тизилип басуусу болуп өттү. Ал жерден жиберген биздин Кабарчы Максим Ярошевскийдин маалыматына караганда, көчөгө “Евразия биримдигинин жаштары”, “Память” кыймылы, Бүткүл улуттук орус биримдиги, “Чындык” коому, “Коомдук орус кыймылы”, “Орусия улутчул-патриоттору”, Легалсыз иммигранттарга каршы кыймыл уюмдары бирге көчөдө жүрүш жасашкан. Алардан сырткары беттерин жарым жартылай жаап алышкан скинхэддер кыймылынан да өкүлдөрү катышышкан. Алардын көтөргөн урааны койгон талабы эмне экенин биздин кабарчы ошол жерден окуп берди:

Метронун “Чистые пруды” станциясынын алды жарым саатка жетпеген мөөнөттө чачын тысырайта алдырган жаш уландарга толуп кетти. Арасында көбү бетин моюн ороочу жана даки менен жаап алышкан. Алар: “Орустар - алга!”, “Баарыдан мурда – улут!”, “Орусия – орустар үчүн!”, “Маскөө - маскөөлүктөр үчүн!”, “Буданов – баатыр!”, “Маскөө - орус шаары!”, деген ураандарды жазып, көтөрүп алышкан.

Митингде айтылган кептер да ушул маанайда болгон, маселен, Легалсыз иммигранттарга каршы кыймылдын жетекчиси Александр Белов буларды айткан:

- Бул жерде, бул шаар өзүнө таандык, биздин, орус элинин өз эркин билдирүүсү. Айткылачы мага, Маскөөнүн кожоюну ким?”, - деген суроого “орустар!орустар!” деген жооп атйлыган.

Ал жерде өткөн митингде улутчулдар жааты 4 ноябрды “каар күнү” деп атаган жана жыл сайын “каар күнү” катары аны белгилеп труруу үчүн убада берип таркашкан.

Сүрөттө: Жүрүштөн бир көрүнүш(AFP)

XS
SM
MD
LG