Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

АЗЕРБАЙЖАН: ММК ШАЙЛОО АЛДЫНДА ӨКМӨТТҮН ТАРАБЫН АЛДЫ


6-ноябрь - Азербайжанда парламенттик шайлоо күнү. Оппозиция менен өкмөт ортосунда курч жүрүп жаткан саясый эрөөлдөгү маалымат каражаттарынын мааниси эбегейсиз зор. Буга мурдагы финансы министри Фикрет Исуповдун өкмөттүк телеканалдан ал жана оппозиция жетекчилери өкмөткө каршы кутум уюштурдук деп чыкканы айкын далил болду. Оппозиция кутумдан бейкабар экенин айтканы менен, аброюна доо кетти. Өкмөт калыстыкка чакырса да, өкмөтчүл маалымат булактары оппозицияны дембе-дем каралаган кабарларды берүүдө.

“Мага добуш бергиле. Мен силердин үнүңөрдү Европага жеткирем”,-деп чакырат көз карандысыз депутат Наира Шахтахтинская тележарнамадан. Арийне, ал үчүн талапкер өкмөттүк телеканалга акы төлөгөн. Азербайжандын шайлоо мыйзамына ылайык, төрт ири партия күнүнө төрт мүнөттөн көгүлтүр экрандан акысыз чыгып, көрармандарды өз программасы менен тааныштыра алат.

Анткен менен, Хьюман Райтс Уоч уюмунун өкүлү Матильда Богнердин байкашынча, “эркин эфирден” тыш убактарда өкмөтчүл талапкерлерге көп убакыт берилген:

- Оппозициядагы ири блоктордун талапкерлерине башкаруучу партияга катар эле эркин эфирден чыгууга уруксат берилгени үчүн өкмөткө куттук айтыш керек. Бирок эркин эфирден сырт убактарда маалымат каражаттары өкмөт тарапка ачыктан ачык жан тартып жатат. ЕККУ өткөргөн иликтөө бардык чоң өкмөттүк телестанциялар өкмөткө ашыкча ык тартканын көрсөттү.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму - ЕККУнун Азербайжандагы байкоочулар миссиясынын башчысы Г. Ахернстин “Азаттыкка” айтышынча, эл көп көрчү прайм-таймда президент Алиев, өкмөт жана башкаруучу “Ени Азербайжан” партиясы тууралуу көп сөз болууда:

- Сиз прайм-таймдагы жаңылыктарга назар бурсаңыз, телеканалдардын өкмөт тарапта экенин, президент, өкмөт жана башкаруучу партия жөнүндө көп маалымат берилип, оппозиция тууралуу өтө аз, болгондо да негативдүү кабарлар уктурулганын көрөсүз. Албетте, мындай болуш керек эмес.

“Азаттыктын” Бакудагы кабарчысы Роберт Парсондун билдиришинче, жеке менчик А-ен-сиден башка бардык телеканалдар өкмөттүн айрым мүчөлөрү оппозиция мерчемдеген өкмөттүк кутумга катышты деген кабарды бир нече күн бою тындырбай беришкен. Муну Борборшайлоокомдун катчысы Натик Мамедов да танбайт:

- Оппозициячыл жана өкмөтчүл партияларга маалымат каражаттары бирдей убакыт бербеди деген кептин чындыгы бар. Оппозициянын талапкерлери аз. Албетте, өкмөттүк партиялардын талапкерлери аларга салыштырганда көп болушкандыктан аларга телевидениеден берилген убакыт да арбын. Азыр сизде бир талапкер, менде 10 талапкерим болсо, мага арийне сизге караганда 10 эсе көп убакыт берилбейби.

Бийликтер шайлоо калыс жана эркин өткөрүлөт деп кепилдик бергени менен, бейшемби күнү – саясый өнөктүккө туура үч күн калганда президент Илхам Алиев Улуттук телеканалдын прайм-таймынан чыгып, оппозицияны ачык сындады:

- Бир жакта бизде Али Инсанов, Фархад Алиев жана башкалар сыяктуу коррупцияга баткан дымагы күчтүү ырасмий адамдар бар. Экинчи жакта Азербайжанга кайтып келип, президент болгусу келген Расул Кулиев сындуу мафиози, ошондой эле эзелтен оппозицияда жүргөн жана коңурсук жыттанган Иса Гамбаров жана Али Керимовго окшогон лидерлер бар. Алардын планы ишке ашса эмне болот эле? Азербайжанда жарандык согуштун оту кайра тутанмак.

Президент Алиев айтып өткөн Али Инсанов - мурда саламаттыкты сактоо министри, Фархад Алиев-мурда экономика министри болгон. Ал эми Расул Кулиев парламенттин экс-төрагасы.

XS
SM
MD
LG