Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:31

ПАРИЖДЕ ТУТАНГАН ӨРТ ӨЛКӨГӨ ЖАЙЫЛУУДА


Париждин четиндеги конуштардын биринде тогуз күн мурда башталган калабанын шоокуму башкалаадан тыш жактагы Ренне жана Нант шаарларына да жетти. Соңку бир күндө албууттанган жаштар 750дан ашык автомобилди, айрым дүкөндөр менен кампаларды өрттөгөнү, полиция 200дөн ашуун адамды камакка алганы кабарланды. Тополоңду басуунун жолдору француз өкмөтүнүн ишемби күнкү кезексиз жыйынында талкууланды.

Париждин чет жакаларындагы тополоңдун эпкини Франциянын башка шаарларына да жетти. Ишемби күнү таң азанда да албуутанган жаштардын топтору кайрадан автомобилдер менен кампаларды өрттөшүп, куткаруучуларды таш бараңга алышты. Полициянын маалымдашынча, калабачылар Севран маалесинде автобустан чыкмак болгон аялга май чачып туруп, тирүү өрттөп жиберишкенде, айдоочу бечараны араң куткарып, ооруканага жеткирген.

“Азаттык” радиосунун Париждеги кабарчысы Мирали Хусейнинин билдиришинче, жагдай улам курчуп баратат:

- Абал осолдоп барат. 9 түн токтобой уланган тополоң басылчудай эмес. Франциянын батышы, түштүгү жана чыгышындагы шаарларда да өкмөттүк имараттар менен кампаларды кыйратуу уланууда. Тополоңчулар өз ыкмасын өзгөртүштү. Эгерде биринчи түнү алар полицияга кол салышса, азыр тартип коргоо органдары менен түз кагылышууга баруудан качып, аларды провокациялоого өтүштү. Бейбаштар бир нече майда топторго бөлүнүп, өтө чапчаң кыймылдашууда.

Гоуртон деген полициячы “Ройтер” агенттигинин телекабарчыларына берген интервьюда, козголоңчу жаштар кылмыш топтору маң заттары менен соода кылган аймактарга полиция күчтөрүн өткөрбөөгө аракет кылып жатышканын айтты:

- Береги козголоңчулар полициянын маң аткезчилиги кеңири жайылган аймактарга киргизбөөгө аракет кылып жатышат.

Көпчүлүк эл тополоңчу жаштарды ашынган бейбаштыгы үчүн жектөөгө катар, бийликтерди расизм менен жумушсуздукту кыскартууда, ошондой эле алардын жана балдарынын көйгөйлөрүн жеңилдетүү үчүн жетиштүү чара көрбөдү деп сындашууда. “Азаттыктын” кабарчысы Хусейни:

- Карапайым калк жагдайды жана жаштарды күнөөлөшүүдө. Алар жаштар кыйналып жаткан элдин бир уучу экенин, ар бир бүлө жумушсуздуктун азабын тартып жатканын айтышууда. Биздин балдарыбыздын да түйшүгү болгону менен, биз автомобилдерди өрттөп же полиция менен тирешип жатканыбыз жок, дешет элдин көбү. Эл өкмөттөн алардын ташбүштөрүнө мурдакыдан көбүрөк көңүл буруусун сурашууда.

Тополоң 27-октябрда полициядан качып бараткан эки жаш жигит Париждин четиндеги маалелердин биринде ток уруп, каза тапкандан кийин башталган. Соңку маалыматтар боюнча, тогуз түнү уланган калабада 1,5 миңдей машине, кийим-кече сакталчу эки кампа өрттөлдү.

XS
SM
MD
LG