Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

СОҢКУ ОКУЯЛАР АКШнын ЧАЛГЫНДОО КЫЗМАТЫНА СОККУ УРДУБУ?


Вашингтондо Ак үйдүн кызматкери Борбордук чалгындоо бюросунун агентинин ысымын атайлап айтканбы, же маалымат кокустан жарыяланып калганбы деген талаштар кызып бараткан кез. Эгерде вице-президенттин иш кеңсе башчысы Льюис Либбинин күнөөсү далилденсе, ал 30 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Андан сырткары АКШ президентинин кеңешчиси Карл Роувдун иши да каралууда.

Мындан 30 жыл илгери америкалык бир журнал АКШнын Грекиядагы элчилигинде иштеген кызматкери Ричард Уэлч ЦРУнун тыңчысы экенин жарыялай салып, андан көп узабай грекиялык согушкер топ аңдып жүрүп Уэлчти өлтүрүп кеткен.

Ошол окуядан улам АКШ Конгресси 1982-жылы чалгынчылардын ысымдарын коргоо боюнча атайын мыйзам кабыл алып, аларды ачыкка чыгарган адамдар кылмышкер катары жоопко тартылмай болгон.

Дал ошол мыйзамдын негизинде ушу тапта Вашингтондо ЦРУнун жашыруун агенти Валери Плэймдин ысымын журналисттерге ким айтып салган деген иликтөө жүрүп жатат. Агент Плэйм жөнүндө кабар жарыяланаардан аз күн мурдараак анын күйөөсү, экс-элчи Жозеф Уилсон АКШ өкмөтүн Ирактагы согуш үчүн катуу сындаган. Президент Буштун администрациясын катуу сындаган үчүн ырасмий Вашингтон анын аялы ЦРУнун агенти экенин жарыялап койду деген шек жаралгандыктан, көз карандысыз прокурор тергөө ишин баштаган. Анын иликтөөсү маалында кабарчылар Плэймдин ысымын чындап эле Ак үйдүн кызматкерлеринен алганы дайын болуп, жакында вице-президент Дик Чейнинин иш кеңсе башчысы Льюис Либбинин иши сотко өттү. АКШ президентинин саясий кеңешчиси Карл Роув да шек жаратып, ушу тапта тергөө иши улантылууда.

Эксперттер агент Плэймдин тегерегиндеги чатакка карата ар түрдүү көз карашта. АКШнын армия генералы, кандуу согуш жылдары Европада чалгынчы болуп иштеген Эдвард Аткесон тыңчылардын ысымын коргоо – мамлекеттик иш деп эсептейт:

- Валери Плэймдин иш ордун ээлеген башка киши, ал агент болобу-болбойбу, ушу тапта шектүү адам болуп калды. Анын ишине, аброюна зор залака келтирилди. Эч ким эми америкалыктарга жашыруун сырын айткысы келбейт, чалгындоо кызматы менен байланышуудан жаа бою качат. Анткени алар эми америкалыктар качандар жашыруун маалыматты айтып салат деп коркот. Мындай коркуу дагы далай жылдарга созулушу мүмкүн, бул окуя биздин чалгындоо кызматыбызга оор зыян тийгизди.

Вашингтондогу Мурас корунун изилдөөчүсү Жеймс Филипп бул окуя ЦРУ менен АКШ президентинин администрациясы ортосунда ынтымактын жоктугунан да келип чыгышы мүмкүн деген пикирде:

- Буга чейин да ЦРУга байланыштуу айрым маалыматтар чыгып кеткенде, бул мекеме президенттик администрацияны куру сөздү көп айтат деп сындаганы бар. Балким, Валери Плэймге байланыштуу окуяны ЦРУдагы кимдир-бирөөлөр кандайдыр саясий себептерден улам уюштурушу мүмкүн.

Айтор, АКШ президентинин командасында иштеген эки жооптуу кызматкердин ЦРУнун агентинин ысымын атайлап жарыялап койгону далилденсе, бул иш чоң саясий чатакка айланчудай. Бул маалымат кокустан чыгып кетиши мүмкүн эмес, андай болгон күндө да тийиштүү адам сот алдында жооп берээри талашсыз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG