Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

МОСКВАДАГЫ КЫРГЫЗ КООМЧУЛУГУ ДА ОРОЗО АЙТТЫ БЕЛГИЛЕШТИ


Төрөкул Дооров, Москва 4-ноябрь күнү кечинде Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде кыргыз коомчулугу орозо айт майрамын белгиледи. Орозо айт майрамын Москвадагы кыргыз коомчулугу мындай чоң алкакта алгачкы жолу белгилеп отурат. Ага 60 чакты кыргыз эмгек мигранттары катышты.

Быйыл бул өңдүү жолугушууну уюштурууга бир канча себептер түрткү болду. Биринчиден, кыргызстандык мигранттардын проблемалары менен иштей турган жаңы уюм ачылды. Экинчиден, акыркы төрт ай ичинде эле Москванын өзүндө кыргызстандык 10 го жакын эмгек мигранты түрдүү себептер менен көз жумган. Үчүнчүдөн, мына ушул жана башка проблемаларды жалпы олтуруп, талкуулоого мүмкүнчүлүк болбой келген экен.

Орозо айтка келгендердин саны улам өсүп, барган сайын адамдарга залдагы олтургучтар жетишпей жатканы байкалды. Уюштуруучулар жаңы орундарды коюп, элчиликтин босогосунда конокторду күтүп жатышты. Биз эл топтолгончо дасторкон четинде олтурган айрым мигранттарды сөзгө тарттык.

- Менин атым Махмуд. «Донстрой» компаниясында иштейм. Бизде бир ай кармап, бирок баары бир айлыкты төлөп беришет. Былтыр бизде көпкө кармап тура беришчү, быйыл өз убагында эле берип жатышат. Москвага келгениме төрт ай болду. Мурда башка шаарда иштечүмүн. Бул жерде кыйынчылыктар мага көбүрөөктөй сезилди. Айрыкча милиция жадатат. Курулуштарда дээрлик 50-70%зы алдайт – кийин айлык акыны бербей коюшат. Андай жерлерде да иштедим. Жергиликтүү компания, фирмалар бери турсун, өзүбүздүн эле ортомчу кыргызстандык жигиттер алдап жатышат. Адамдарды чогултуп, жумушка орноштурганы алып келишет да, кийин алардын акчасын алып алып, өздөрү качып кетишет. Биз аялым экөөбүз азыр Москвада иштеп жатабыз. Балдарым айылда.

- Менин атым Атабек. «Донстрой» компаниясында моляр болуп иштейм. Жумуш жакшы, шарттары да көңүлгө толоорлук. Жатакана беришкен. Иштеп жатабыз. Контраксыз эле оозеки келишип, иштеп жатабыз.

Атабек маанайы суз олтурганы да бекеринен эмес экен. Көрсө, жакында анын бир тууган карындашы кайтыш болуптур. «Ал да Москвада иштечү, кокустан эле жүрөгү кармап, кайтыш болду», - дейт Атабек.

Бул кечеге келгендердин арасында Атабекке окшоп, Москвада жакын туугандарынан айрылгандар аз эмес экен. Атын атабаган бул киши да аялы ооруп көз жумганын айтат:

- Августта аялым сарык болуп ооруп, көзү өтүп кетти. Ооруканага кайрылсак, догдурлар «каттооңар жок экен» деп, карабай коюшту.

Ошентип сүйлөшүп олтурсак, бир убакта эле куран окулуп калды. Топтолгон коноктор алакандарын жайып, орозо айт күнү ак ниети менен каалоо тилектерин айтып жатышты.

Андан ары тамак тартылып, музыка ырдалып жатты. Биз болсо жаныбызда олтурган келиндерге микрофон сундук.

Өзүн Айнура деп тааныштырган бул аял Москвада 2 жылдан бери иштеп жатканын айтат. Кесиби боюнча экономист экен. «Москвага келээрим менен эле кесибим боюнча ишке орноштум. Азыр турак-жай агенттигинде иштейм», - дейт Айнура.

Ага Кыргызстандан келген кыз-келиндердин арасында ийгиликтүү иштеп жаткандар менен таанышсызбы деген собол таштадык

- Акыркы күндөрү аябай кыргыз кыз-келиндерин Москвада көп кездештирип жатам. Алардын арасында ийгиликтүү иштеп жаткандары саналуу гана. Мурдараак Москвага келип, өз ишин баштап алгандар жакшы эле орношуп алышкан, ал эми соңку мезгилдерде келип жаткандар көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Анткен менен, биз жаңы келгендерге жатакана, жумуш жагынан дайыма жардам берип турабыз.

Бул жолу мигранттар менен жолугушууну жаңы түзүлүп жаткан «Алатоо» коомдук уюму уюштурган экен. Бирок каражатты мигранттар өздөрү топтошкон. Уюмдун төрайымы, Москвадагы кыргызстандык мигранттардын проблемалары менен жакындан тааныш Жамиля Бегишованын айтымында, жаңы уюмду түзүүгө мигранттарды ойлонткон маселелердин чечилбей жаткандыгы түрткү болуптур. Бирок буга чейин Москвада «Кыргыз биримдиги» аттуу уюм түзүлүп, ал эмгек мигранттарына жардам көрсөтөөрүн айткан болчу.

- Чынында эле, Москвада «Кыргыз биримдиги» деген уюм бар жана ал иштеп жатат. Бирок мигранттар азыркы тапта туш болуп жаткан көптөгөн проблемаларды чечүүгө чамасы жетпей жатат көрүнөт. Мисалы, бул жакта каза тапкандардын денесин мекенине жөнөтүү өңдүү маселелерде көптөгөн кыйынчылыктар бар. Ошондуктан биз өзүбүздүн уюмду түзүп жатабыз. Биздин уюмда азыр 11 адам бар, 30 га жакын жигердүү мүчөлөрүбүз бар. Ал лидерлердин саны дагы эки айдын ичинде 80 ге жетип калат деген үмүтүбүз бар.

Кечени комуз күүсү, жаш акындардын ырлары улантты.

XS
SM
MD
LG