Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

АЗЕРБАЙЖАНДЫК ОППОЗИЦИЯЧЫЛАР ШАЙЛООГО НААРАЗЫ


Азербайжандагы парламенттик шайлоодо айрым мыйзам бузуулар катталганы кабарланууда. Добуш берүү аяктай электе эле Азербайжандык белгилүү оппозициячыл кыймылдар өнөктүк кыйла мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдиришти. Өлкөдөгү 4 млн. 700 миңдей шайлоочу парламенттин 125 депутаты үчүн добуш берсе, президент Илхам Алиев үчүн бул алгачкы чоң саясий сынак болду.

Жекшембиде добуш берүү аяктаарына бир нече саат калганда Азербайжандагы алдыңкы оппозициячыл бирикме – “Азадлыг” шайлоо ар түрдүү мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын билдирди. Саясий блоктун шайлоо кампания башчысы Ранах Хусейн алардын байкоочулары түшкө чейин эле добуштарды бурмалоонун 6000дей фактысын каттаганын маалымдады.

Бакуда жайгашкан Улуттук жана эл аралык изилдөөлөр борборунун аналитиги Лейла Алиева “Азаттык” радиосуна буларды билдирди:

- Тилекке каршы, шайлоо алдындагы окуялар өкмөттүн парламенттик шайлоону адилет өткөрүү ниети жок экенин көргөздү. Биринчиден, бийликтегилер эл аралык комиссиянын Азербайжандагы шайлоо комиссияларынын курамын өзгөртүү жөнүндөгү талабына кулак түрүп койгон жок. Тескерисинче, шайлоо жараянын баштан-аяк катуу көзөмөлдөй ала турган система түздү. Ошондуктан бийликтегилер шайлоодон кийин ири нааразылык акцияларды болтурбоого эч кандай аракет жасаган жок.

Ал анткен менен, Бакудагы шайлоо участкасына алгачкылардан болуп барган Азербайжандын президенти Илхам Алиев баары демократиялык талаптарга ылайык өтүп жатат деп белгиледи:

- Эң негизгиси, шайлоо кампаниясы абдан ийгиликтүү өттү. Бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлдү. 2000дей талапкер катталды, мунун өзү эле эл шайлоо эркин жана калыс өтөөрүнө ишенээрин далилдей алат.

Азербайжандагы шайлоо алдында бийликтегилер мамлекеттик төңкөрүш даярдаган деген шек боюнча 15 чакты өкмөт мүчөсүн жана башка жооптуу кызматтагы адамдарды камакка алышты. Саясий кырдаал чыңала түшкөн Азербайжандагы шайлоого 1600дөй чет элдик жана 17 миңдей жергиликтүү байкоочу көз салууда. Көз карандысыз байкоочулар айрым жерлерде комиссия мүчөлөрү шайлоочулардын башбармагына басылчу мөөрдү дароо өчүп калгандай ыкмада колдонуп жатканын, дагы бир нече участкада алдын-ала толтурулган бюллетендер табылганын кабарлашты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG